КАЛКТЫН ИШ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУУСУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЛКТЫН ИШ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУУСУ</b> – | <b type='title'>КАЛКТЫН ИШ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУУСУ</b> – | ||
1) чарбалык ж-а башка ишмердикке катышуу | 1) чарбалык ж-а башка ишмердикке катышуу боюнча адамдар ортосундагы өз ара алака-катыш­ты мүнөздөөчү экономикалык мамилелер; 2) жарандар­дын колдонуудагы мыйзамдарды бузбаган ж-а өздүк, коомдук <i>керектөөнү</i> канааттандырууну улантуучу ишмердиги. Калктын иш менен камсыз болуусу өздүк эмгек­ке негизделген <i>киреше</i> алууну болжолдойт. Ал коомдун, эмгек коллективинин, ар бир кызмат­кердин эмгекке жөндөмдүүлүгүн натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөт. Иш м-н камсыз бол­гондукка коомдук пайдалуу ишмердик м-н алек­тенгендер: акы алуу м-н жалданып иштегендер (толук же толук эмес жумушчу күн же жума режиминде); жекече эмгек ишмердиги м-н алек­тенгендер; үй чарбачылыгында иштегендер; ас­кер кызматкерлери; ишкерлер; фермерлер; коо­ператорлор ж-а калктын башка категориялары кирет. Мындан тышкары анын үйдөн иштөө, окуучулардын бош убактысында иштөөсү, бир эле убакта бир нече жерде иштөө деген түрлөрү да бар. Рынок мамилелерине өтүү шартында биз­дин өлкөдө калктын иш менен камсыз болуусу проблемасы курч кою­лууда. Айрым кесип ээлеринин ж-а адистердин жетишпегендигине карабастан, Кыргызстандын дээр­лик бардык райондорунда <i>жумушсуздук</i> өсүүдө. Бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызмат ишмердигин түп-тамырынан жакшыртуу маселеси турат. Убактылуу иштебеген жарандарга социалдык га­рантиялар, анын ичинде жумушсуздарга жөлөк пул ж-а анын үй-бүлө мүчөлөрүнө материалдык жар­дам төлөө маселеси келип чыгууда. | ||
өздүк, коомдук <i>керектөөнү</i> канааттандырууну улантуучу ишмердиги. | |||
[[Категория:4-том, 1-50 бб]] | [[Категория:4-том, 1-50 бб]] | ||
09:04, 13 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЛКТЫН ИШ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУУСУ – 1) чарбалык ж-а башка ишмердикке катышуу боюнча адамдар ортосундагы өз ара алака-катышты мүнөздөөчү экономикалык мамилелер; 2) жарандардын колдонуудагы мыйзамдарды бузбаган ж-а өздүк, коомдук керектөөнү канааттандырууну улантуучу ишмердиги. Калктын иш менен камсыз болуусу өздүк эмгекке негизделген киреше алууну болжолдойт. Ал коомдун, эмгек коллективинин, ар бир кызматкердин эмгекке жөндөмдүүлүгүн натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөт. Иш м-н камсыз болгондукка коомдук пайдалуу ишмердик м-н алектенгендер: акы алуу м-н жалданып иштегендер (толук же толук эмес жумушчу күн же жума режиминде); жекече эмгек ишмердиги м-н алектенгендер; үй чарбачылыгында иштегендер; аскер кызматкерлери; ишкерлер; фермерлер; кооператорлор ж-а калктын башка категориялары кирет. Мындан тышкары анын үйдөн иштөө, окуучулардын бош убактысында иштөөсү, бир эле убакта бир нече жерде иштөө деген түрлөрү да бар. Рынок мамилелерине өтүү шартында биздин өлкөдө калктын иш менен камсыз болуусу проблемасы курч коюлууда. Айрым кесип ээлеринин ж-а адистердин жетишпегендигине карабастан, Кыргызстандын дээрлик бардык райондорунда жумушсуздук өсүүдө. Бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызмат ишмердигин түп-тамырынан жакшыртуу маселеси турат. Убактылуу иштебеген жарандарга социалдык гарантиялар, анын ичинде жумушсуздарга жөлөк пул ж-а анын үй-бүлө мүчөлөрүнө материалдык жардам төлөө маселеси келип чыгууда.