КАЛАШНИКОВ Михаил Тимофеевич: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЛА́ШНИКОВ</b> Михаил Тимофеевич (10. 11. 1919, Алтай губерниясы, Змеиногор уезди, Ку­рья | <b type='title'>КАЛА́ШНИКОВ</b> '''Михаил Тимофеевич''' (10. 11. 1919, Алтай губерниясы, Змеиногор уезди, Ку­рья кыштагы) – конструктор, генерал-лейтенант (1999), 2 жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры (1958, 1976), техника илимдеринин доктору (1971). СССРдин мамлекеттик | ||
[[File:КАЛАШНИКОВ 1128.png | thumb | none]] | [[File:КАЛАШНИКОВ 1128.png | thumb | none]] | ||
(1949), Лениндик (1964), РФ | (1949), Лениндик (1964), РФ мамлекеттик (1997) сыйлыктары­нын ээси. 1938-жылы аскер кыз­матына чакырылып, тан­кисттер полкунда механик ­айдоочудан танктын коман­дирине чейин көтөрүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде (1941-жылы август­тан октябрга чейин) армия­да танк командири. 1941-жылы октябрда Брянскинин алдында жарадар болгон. 1942–49-жылдарда миномёт-аткыч куралдарын сыноо полигонунун илим-изилдөө борборунда (Коломна шаары) кызмат өтөп жүрүп, «7,62 ммлик Калашников автоматы 1947-жылкы үлгүдөгү» (АК) жаңы атма куралын ойлоп тапкан (к. <i>Автоматтык ок атуучу куралдар</i>). Армиядан кийин (1949) Ижевск машина куруу заводунда конструктор. Ал конструкциялаган станокко коюлуп атылуучу ж-а кол пулемёту (ПК) 1961-жылы куралдуу күч­төргө кабыл алынган. Кийин АК ж-а ПКнын базасында жаңы бир нече куралдын түрлөрү модернизацияланып (мисалы, АКМ, АКМС, РПК, РПКМС, ПКТ ж. б.), 1974-жылы 5,45 <i>мм</i>лик авто­маттын АК-74, АКС-74, пулемёттун РПК-74, РПКС-74 жаңы түрлөрү чыккан. Калашниковдун курал­дары жөнөкөй, жогору натыйжалуу, ишеним­дүүлүгү м-н өзгөчөлөнөт. Үч Ленин, 2-даражада­гы «Мекенге кылган кызматы үчүн», Ыйык Ан­дрей Первозванный ордендери м-н сыйланган. | ||
октябрда Брянскинин алдында жарадар болгон. 1942–49- | |||
| 12 сап: | 8 сап: | ||
Ад.: <i>Дынин И. М.</i> Творцы советского стрелкового | Ад.: <i>Дынин И. М.</i> Творцы советского стрелкового оружия. М., 1989. | ||
оружия. М., 1989. | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
04:07, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАЛА́ШНИКОВ Михаил Тимофеевич (10. 11. 1919, Алтай губерниясы, Змеиногор уезди, Курья кыштагы) – конструктор, генерал-лейтенант (1999), 2 жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры (1958, 1976), техника илимдеринин доктору (1971). СССРдин мамлекеттик

(1949), Лениндик (1964), РФ мамлекеттик (1997) сыйлыктарынын ээси. 1938-жылы аскер кызматына чакырылып, танкисттер полкунда механик айдоочудан танктын командирине чейин көтөрүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде (1941-жылы августтан октябрга чейин) армияда танк командири. 1941-жылы октябрда Брянскинин алдында жарадар болгон. 1942–49-жылдарда миномёт-аткыч куралдарын сыноо полигонунун илим-изилдөө борборунда (Коломна шаары) кызмат өтөп жүрүп, «7,62 ммлик Калашников автоматы 1947-жылкы үлгүдөгү» (АК) жаңы атма куралын ойлоп тапкан (к. Автоматтык ок атуучу куралдар). Армиядан кийин (1949) Ижевск машина куруу заводунда конструктор. Ал конструкциялаган станокко коюлуп атылуучу ж-а кол пулемёту (ПК) 1961-жылы куралдуу күчтөргө кабыл алынган. Кийин АК ж-а ПКнын базасында жаңы бир нече куралдын түрлөрү модернизацияланып (мисалы, АКМ, АКМС, РПК, РПКМС, ПКТ ж. б.), 1974-жылы 5,45 ммлик автоматтын АК-74, АКС-74, пулемёттун РПК-74, РПКС-74 жаңы түрлөрү чыккан. Калашниковдун куралдары жөнөкөй, жогору натыйжалуу, ишенимдүүлүгү м-н өзгөчөлөнөт. Үч Ленин, 2-даражадагы «Мекенге кылган кызматы үчүн», Ыйык Андрей Первозванный ордендери м-н сыйланган.
Эмг.: Записки констуктора-оружейника. М., 1992; Я с вами шёл одной дорогой. М., 1999;
Ад.: Дынин И. М. Творцы советского стрелкового оружия. М., 1989.