КАКАО: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАКА́О</b> , ш о к о л а д д а р а г ы (Theobroma | <b type='title'>КАКА́О</b> , ш о к о л а д д а р а г ы (Theobroma | ||
cacao) – 1) теоброма уруусундагы дайыма жашыл дарак; 2) ошол дарак жемишинин даны. Жапайы ж-а эгилме түрлөрү бар. Жапайысынын | cacao) – 1) теоброма уруусундагы дайыма жашыл дарак; 2) ошол дарак жемишинин даны. Жапайы ж-а эгилме түрлөрү бар. Жапайысынын бийиктиги 5–8 <i>м</i>, эгилмеси 3–5 <i>м</i>. Жалбырагы кара көк; гүлү сары же кызгылтым. Жапайы какао тропик токойлорунда өсөт. Эгилме какао адегенде Мексика­да өстүрүлүп, 16-кылымдын 1-жарымында Европага таралган. Борбордук ж-а Түштүк Америка, Батыш ж-а Чыгыш Африка, Малайя архипелагы, Филип­пин аралы ж. б. жерлерде негизинен уругунан өстүрүлөт. Какаонун чанагындагы даны сыя көктөн боз же ак түскө чейин, баалуу тамак-аш сырьёсу. Анда 50%ке чейин какао майы, 14,5% азот, 1,3 – 1,7% теобромин, 12% белок, 7% углевод, 0,71–2,33% кислота, 5–7% өңдөгүч заттар. 7–10% крахмал, 1–2% фруктоза бар. Какаонун даны­нын даамын жакшыртуу үчүн 2–7 суткага чейин ферментация жүргүзүлөт. Бул учурда биохимия реакциянынын негизинде күрөң түскө өтүп, жа­гымдуу жытка ж-а даамга ээ болот. Какао майынан дары-дармек, күнжарасынан суусундук даяр­далат. | ||
Чыгыш Африка, Малайя архипелагы, Филип­пин | |||
өстүрүлөт. | |||
0,71–2,33% | |||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
10:24, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
КАКА́О , ш о к о л а д д а р а г ы (Theobroma cacao) – 1) теоброма уруусундагы дайыма жашыл дарак; 2) ошол дарак жемишинин даны. Жапайы ж-а эгилме түрлөрү бар. Жапайысынын бийиктиги 5–8 м, эгилмеси 3–5 м. Жалбырагы кара көк; гүлү сары же кызгылтым. Жапайы какао тропик токойлорунда өсөт. Эгилме какао адегенде Мексикада өстүрүлүп, 16-кылымдын 1-жарымында Европага таралган. Борбордук ж-а Түштүк Америка, Батыш ж-а Чыгыш Африка, Малайя архипелагы, Филиппин аралы ж. б. жерлерде негизинен уругунан өстүрүлөт. Какаонун чанагындагы даны сыя көктөн боз же ак түскө чейин, баалуу тамак-аш сырьёсу. Анда 50%ке чейин какао майы, 14,5% азот, 1,3 – 1,7% теобромин, 12% белок, 7% углевод, 0,71–2,33% кислота, 5–7% өңдөгүч заттар. 7–10% крахмал, 1–2% фруктоза бар. Какаонун данынын даамын жакшыртуу үчүн 2–7 суткага чейин ферментация жүргүзүлөт. Бул учурда биохимия реакциянынын негизинде күрөң түскө өтүп, жагымдуу жытка ж-а даамга ээ болот. Какао майынан дары-дармек, күнжарасынан суусундук даярдалат.