ИБН ХОРДАДБЕК: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИБН ХОРДАДБЕК</b> , Абу-л Касым Убайдуллах ибн Абдаллах ибн Хордадбек (820–912) – араб географы, тарыхчы. | <b type='title'>ИБН ХОРДАДБЕК</b> , Абу-л Касым Убайдуллах ибн Абдаллах ибн Хордадбек (820–912) – [[араб]] географы, тарыхчы. Табарстанда (азыркы [[Иран]] мамлектинин аймагы) туулуп, [[Багдад]]дан билим алган. Ибн Хордадбек [[Аббасид]] халифатынын ад­министрациясында иштеп, ал-Жибал аймагында почта бөлүмүнүн башчысы, көзөмөлдөөчү кыз­мат (сахиб ал-барид ва-л-хабар) аткарган. Анын калеминен бир нече эмгек жаралган, бирок биз­ге жалгыз гана [[хижра]]нын 232-ж. (846–47) жа­зылып, кийин кошумчалар менен кеңейтилген географиялык китеп – «Китаб ал-масалик ва-л-мама­лик» («Өлкөлөр менен жолдордун китеби») жет­кен. Ибн Хордадбек кызмат абалына байланыштуу көп­төгөн даректүү маалыматтарды пайдаланган. Анын эмгегинде ар кайсы өлкөлөрдүн, өзгөчө [[Ирак]], Хорасан жана [[Орто Азия]]нын тарыхый-географиялык абалы менен ал жердеги аймактар, шаар-кыштак­тардын, почта бекеттеринин, жолдордун жай­гашышы, соода иши, киреше булактары жөнүндө маалыматтар келтирилген. Ибн Хордадбектин чыгарма­сында Кыргызстандын азыркы аймагындагы соода жолдору менен шаарлар ортосундагы аралыктар үзүндү түрүндө кезигет. Географиялык бул эмгекте Ор­тоңку жана [[Борбордук Азия]]дагы [[түрк]] тилинде сүйлөгөн элдер менен уруулар саналып, анын ичинде [[Кыргыздар|кыргыз­дар]] (хирхиз) болгону да белгиленген. Анын чы­гармасын француз тилине [[Де Гуе]] которуп, «Араб географтарынын китепканасы» деген 6 томдук­тун биринде жарык көргөн. Ибн Хордадбектин эмгегинен ал-Йакуби (9-кылым), Ибн ал-Факих (9–10-кылымдар), Ибн Руст (10-кылым), [[Ибн Хаукал]] (10-кылым), [[Ал-Мукаддаси|ал-Мукад­даси]] (10-кылым), ал-Казвини (13-кылым) ж. б. пайдала­нышкан.Ад.: <i>Крачковский И. Ю.</i> Арабская географическая литература // Изб. соч. Т. IV. М.; Л., 1957; Источни­коведение Кыргызстана. Б., 1996; 2-е доп. изд. 2004. | ||
Ад.: <i>Крачковский И. Ю.</i> Арабская географическая литература // Изб. соч. Т. IV. М.; Л., 1957; Источни­коведение Кыргызстана. Б., 1996; 2-е доп. изд. 2004. | |||
<p align='right'><i type='author'>Т. Жуманалиев.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Т. Жуманалиев.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
07:32, 7 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
ИБН ХОРДАДБЕК , Абу-л Касым Убайдуллах ибн Абдаллах ибн Хордадбек (820–912) – араб географы, тарыхчы. Табарстанда (азыркы Иран мамлектинин аймагы) туулуп, Багдаддан билим алган. Ибн Хордадбек Аббасид халифатынын администрациясында иштеп, ал-Жибал аймагында почта бөлүмүнүн башчысы, көзөмөлдөөчү кызмат (сахиб ал-барид ва-л-хабар) аткарган. Анын калеминен бир нече эмгек жаралган, бирок бизге жалгыз гана хижранын 232-ж. (846–47) жазылып, кийин кошумчалар менен кеңейтилген географиялык китеп – «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик» («Өлкөлөр менен жолдордун китеби») жеткен. Ибн Хордадбек кызмат абалына байланыштуу көптөгөн даректүү маалыматтарды пайдаланган. Анын эмгегинде ар кайсы өлкөлөрдүн, өзгөчө Ирак, Хорасан жана Орто Азиянын тарыхый-географиялык абалы менен ал жердеги аймактар, шаар-кыштактардын, почта бекеттеринин, жолдордун жайгашышы, соода иши, киреше булактары жөнүндө маалыматтар келтирилген. Ибн Хордадбектин чыгармасында Кыргызстандын азыркы аймагындагы соода жолдору менен шаарлар ортосундагы аралыктар үзүндү түрүндө кезигет. Географиялык бул эмгекте Ортоңку жана Борбордук Азиядагы түрк тилинде сүйлөгөн элдер менен уруулар саналып, анын ичинде кыргыздар (хирхиз) болгону да белгиленген. Анын чыгармасын француз тилине Де Гуе которуп, «Араб географтарынын китепканасы» деген 6 томдуктун биринде жарык көргөн. Ибн Хордадбектин эмгегинен ал-Йакуби (9-кылым), Ибн ал-Факих (9–10-кылымдар), Ибн Руст (10-кылым), Ибн Хаукал (10-кылым), ал-Мукаддаси (10-кылым), ал-Казвини (13-кылым) ж. б. пайдаланышкан.Ад.: Крачковский И. Ю. Арабская географическая литература // Изб. соч. Т. IV. М.; Л., 1957; Источниковедение Кыргызстана. Б., 1996; 2-е доп. изд. 2004.
Т. Жуманалиев.