КАЙНАЗАРОВА: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАЙНАЗАРОВА Зууракан to КАЙНАЗАРОВА over redirect) |
(Айырма жок)
| |
06:21, 7 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАЙНАЗАРОВА Зууракан (1902-жылы туулган, Сокулук району, Жыламыш кыштагы –1982, ошол эле район, Белек кыштагы) – айыл чарба өндүрүшүнүн новатору; эки жолку Социалисттику Эмгектин Баатыры (1948, 1957).

Эмгек жолун 1929-жылы Сокулук районундагы Калинин атындагы колхоздо баштаган. Көп өтпөй звено башчылыгына көтөрүлүп, беш жүзчүлөрдүн бүткүл союздук социалисттик мелдешине катышып, кант кызылчасынан жогорку түшүм
жыйнап алууга жетишкен. 1947-жылы 15 га жердеги кызылчанын ар гектарынан 971,5 цден түшүм алган. 1949-жылы Калинин атындагы колхоздун башкармасы болуп шайланган. Анын жетекчилигинде колхоздун экономикасы кыйла чыңдалган. 1952- жылдан Сокулук районундагы «Дружба» колхозунун звено башчылыгына өткөн. Ал жетектеген звено ар гектарынан эң жогорку түшүм – 1000– 1100 цден кант кызылчасын жыйнап алган. 1937– 54-жылдарда СССР Жогорку Советинин, бир нече жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасынын орун басары болгон. Үч Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган. 1958-жылдан ардактуу эс алууга чыккан. Кайназарованын мамлекеттик мемориал музейи (1958-жылы уюшулган) бар. 1974-жылы алдыңкы кызылчачыларга З. Кайназарова атындагы сыйлык белгиленген. Бишкек шаарындагы Эркиндик проспектисинде, Белек айылында, Сокулук районунун борборунда бюсту орнотулган. Бишкектин бир көчөсүнө аты берилген.
Ад.: Чөкүшев Б. Советтик Кыргызстандын даңктуу адамдары. Ф., 1970; Элдин сыймыктуу кыздары. Ф., 1975.