КАСМАМБЕТОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
мNo edit summary
мNo edit summary
11 сап: 11 сап:
«Кырк чоронун өлүмү» аттуу окуясы жазылып,
«Кырк чоронун өлүмү» аттуу окуясы жазылып,
сакталып турат. 1995-жылы Лондондо Би-Би-Си ра­диосу уюштурган «Манас» кечесине жана 2006-жылы
сакталып турат. 1995-жылы Лондондо Би-Би-Си ра­диосу уюштурган «Манас» кечесине жана 2006-жылы
«Түрк тилдүү элдердин музыкасы» аттуу эл ара­лык илимий конференцияга «Манас» айтып катышкан. 2009-жылы Улуу Британиядагы Азия жана Африка изилдөөлөрү боюнча ун-т анын варианты боюнча ком­пакт дисктери менен коштолгон «Манас» жана «Се­метей» эпосторунун англис тилиндеги китебин
«Түрк тилдүү элдердин музыкасы» аттуу эл ара­лык илимий конференцияга «Манас» айтып катышкан. 2009-жылы Улуу Британиядагы Азия жана Африка изилдөөлөрү боюнча университети анын варианты боюнча ком­пакт дисктери менен коштолгон «Манас» жана «Се­метей» эпосторунун англис тилиндеги китебин
«Семар паблишерс» басмасы тарабынан басып
«Семар паблишерс» басмасы тарабынан басып
чыгарган. 2010-жылы «Улуу баян» коомдук фон­ду тарабынан Кыргыз эл манасчысы, 2011-жылы залкар манасчы деген наамдарга татып, «Ма­нас-1000», «Даңк» медалдары менен сыйланган.
чыгарган. 2010-жылы «Улуу баян» коомдук фон­ду тарабынан Кыргыз эл манасчысы, 2011-жылы залкар манасчы деген наамдарга татып, «Ма­нас-1000», «Даңк» медалдары менен сыйланган.
[[Категория:4-том, 154-203 бб]]
[[Категория:4-том, 154-203 бб]]

04:26, 7 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАСМАМБЕТОВ Сапарбек (30. 5. 1934-жылы туулган, Ысык-Көл району, Корумду айылы) –

белгилүү ма­насчы, төкмө акын, жазуучу. 1972-жылы Каракол шаарынндагы педогогикалык окуу жайын, 1982-жылы Б. Бейше­налиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлү­мүн бүтүргөн. 1964-жылы Ба­лыкчы шаарындагы маданият үйү­нүн директору, 1968–79-жылы мектепте мугалим, 1979– 97-жылдары Балыкчы шаарындагы балдар чыгармачылык борборунда методист, директордун орун басары болуп иштеген. 1997-жылдан аталган бор­бордо балдарга «Манас» са­багын окутуп келет. Манас­чынын эскерүүсүнө караганда атасы Касмамбет комузду мыкты черткен, жорго сөздү түрлөнт­көн, энеси Сайраке да чоң дастандарды, уламыш, жомокторду айткан жамакчы болгон. Ал өзүнүн «Манас» айтып калуусун көпчүлүк манасчылар­дай эле кереметтүү түш көрүү менен байланышты­рат. «Бала кыялы» (1994), «Эр Кошой» (1994), «Бала Манас баяны» (1998), «Балыкчы баяны» (1998), «Билерик» (2003) аттуу китептери жа­рык көргөн. КР УИАнын Кол жазмалар фонду­сунда анын айтуусундагы «Семетей» эпосунун «Кырк чоронун өлүмү» аттуу окуясы жазылып, сакталып турат. 1995-жылы Лондондо Би-Би-Си ра­диосу уюштурган «Манас» кечесине жана 2006-жылы «Түрк тилдүү элдердин музыкасы» аттуу эл ара­лык илимий конференцияга «Манас» айтып катышкан. 2009-жылы Улуу Британиядагы Азия жана Африка изилдөөлөрү боюнча университети анын варианты боюнча ком­пакт дисктери менен коштолгон «Манас» жана «Се­метей» эпосторунун англис тилиндеги китебин «Семар паблишерс» басмасы тарабынан басып чыгарган. 2010-жылы «Улуу баян» коомдук фон­ду тарабынан Кыргыз эл манасчысы, 2011-жылы залкар манасчы деген наамдарга татып, «Ма­нас-1000», «Даңк» медалдары менен сыйланган.