КАТАР (мамлекет): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАТА́Р</b> , К а т а р М а м л е к е т и (Даулят Катар) – | <b type='title'>КАТА́Р</b>, К а т а р М а м л е к е т и (Даулят Катар) – | ||
[[File:КАТАР56.png | thumb | none]] | [[File:КАТАР56.png | thumb | none]] | ||
| 103 сап: | 103 сап: | ||
Ад.: <i>Исаев В. А., Филоник А. О.</i> Государство Катар: проблемы развития. М., 1999; <i>Алексеева Н. Н.</i> Сов­ременные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; Катар// Большая Российская энциклопедия. Т. 13. М., 2009. | Ад.: <i>Исаев В. А., Филоник А. О.</i> Государство Катар: проблемы развития. М., 1999; <i>Алексеева Н. Н.</i> Сов­ременные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; Катар// Большая Российская энциклопедия. Т. 13. М., 2009. | ||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
16:07, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАТА́Р, К а т а р М а м л е к е т и (Даулят Катар) –

Түш.-Батыш Азиядагы өлкө. Араб
ж. а-нын чыгыш бөлүгүн түзгөн Катар ж. а-нан орун алып, Перс булуңу м-н чулганат. Түштүгүнөн Сауд Арабиясы м-н чектешет.
Аянты 11,52 миң км2. Калкы 928,4 миң (2008). Борбору – Доха. Расмий тили – араб тили. Акча бирдиги – катар риалы. Адм.-айм.
жактан 10 муниципалитетке (баладийятка) бөлүнөт.
К. – БУУнун (1971), Нефть экспорттоочу
өлкөлөр уюмунун (1961), Араб өлкөлөр лигасы-

нын (1971), ЭВФтин (1972), Ислам конф-я уюмунун (1970), Перс булуңу араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин (1981), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1996) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү
. К. – унитардык мамлекет. Конституциясы 2003-ж. 29-апрелдеги ре- болсо, анда ал жыйналуучу К. деп, ал эми ферендумда кабыл алынган. Башкаруу форма- сы – абсолюттук монархия. Мамлекет башчысы – эмир. Мыйзам чыгаруучу органы (мажлис аль-шура) 45 мүчөдөн турат (30ун К. жарандары шайлайт, 15ин эмир дайындайт). Мажлистин бийлик мөөнөтү 4 жыл. Ал мыйзам долбоорлорун кабыл алат, бюджетти бекитет, о. эле өкмөт иштерин көзөмөлдөйт. Мажлис кабыл алган бардык мыйзам долбоорлору эмирдин макулдугу м-н күчүнө кирет. Аткаруу бийлиги эмирге ж-а өкмөткө таандык. Премьерминистр жетектеген өкмөт (Министрлер Кеңеши) эмир тарабынан дайындалат. Негизги укугу – шариат. Саясий партиялардын ишмердигине тыюу салынган.
Табияты
. Жээктери негизинен жапыз, түзөң, айрым жерлери булуң-буйткалуу; жээк сызыгынын уз. 560 кмден ашык. Жээк бойлой жазылыгы 4 кмге жеткен шуру рифтүү тилке созулуп жатат. Катар ж. а-нын түн. бөлүгү – чөлдүү түздүк, ага көчмө кум дөбөлөрү мүнөздүү; борб. бөлүгүндө таштак чөл басымдуу. Түштүгүнө жапыз дөбөлөр (бийикт. 103 мге чейин) мүнөздүү. Араб платформасынын чыгыш бөлүгүн ээлейт. Ири кендери: табигый газ (чалгындалган запасы б-ча дүйнөдө Россия, Ирандан кийинки 3-орунду ээлейт; 2005), нефть, о. эле цемент, курулуш акиташ теги, күкүрт, гипс ж. б. Газ м-н нефть негизинен шельфтерден казылып алынат. Климаты тропиктик континенттик, кургак. Январдын орт. темп-расы 17–20°С, июль–августтуку 32–42°С; 50°Сге чейин ысыган мезгилдер да болот. Жаан-чачын аз (түндүгүндө жылына 125 ммге, түштүгүндө 50 ммге чейин), ноябрдан июнга чейин жаайт. Кумдуу ж-а чаңдуу бороон болуп турат. Туруктуу аккан дарыясы жок; кургак сайлар (вади) көп, эң ириси – Вади-Машриб. Жер астындагы суулары минералдашкан. Суу м-н начар камсыз болгон (жылына ар бир адамга 583 м3 өлчөмдөгү суу туура келет). Туссуздандырылган деңиз суусуна болгон муктаждык жылдан жылга күчөөдө; жыл

сайын 99 млн м3 деңиз суусу тузсуздандырылат. Чөл өсүмдүктөрү мүнөздүү; чыгыш бөлүгүндө ксерофиттик бадалдар ж-а бадалчалар (акация, тамариск, түлкү машак) кездешет. Оазистер аз. Жаныбарларынан чөлгө мүнөздүү майда сойлоочулар, кемирүүчүлөр кездешет, Араб ж. а-нан жейрен келет (К-да сүт эмүүчүлөрдүн 11 түрү мекендейт). Перс булуңунун жээги балыкка бай. Табиятты коргоочу 9 аймак уюшулган; а. и. жейрен ж-а араб ориксин асыроочу жайы да бар.
Калкы
. Өлкөнүн калкынын 65,1%ин К. арабдары түзөт; а. и. катарлыктар 31,1%, палестиналыктар 11,7%, ливандыктар 9,1%, сириялыктар 8,1%, египеттиктер 1,8, судандыктар 1,6%. О. эле фарсылар (16,8%), белуждар (1,8%), түш. ж-а түш.-чыгыш азиялыктар ж. б. улуттар да жашайт. Калктын жылдык өс үүс ү 2,4%. Төрөлүүнүн саны 1000 адамга 15,6 бала, өлүмжитим 4,8 адам. Калкынын орт. курагы 31,9 жыл. Курактык структурасында эмгекке жарамдуулардын (15–64 жаштагылардын) үлүшү зор, 72,9%; өспүрүмдөрдүкү (15 жашка чейинкилер) 23,1%, 65 жаштан ашкандар 4%; 100 аялга 185тен ашык эркек туура келет (негизинен чет элдик жумушчулардын эсебинен, миграциялык сальдосу 1000 13,1, 2007). Күтүлгөн орт. жашы

74,1 жыл (эркектердики 71,6, аялдардыкы 76,8 жыл). Калкынын орт. жыштыгы 1 км2 жерге 80,6 адам (2008). Шаар калкы 92%; анын 2/ си өлкөнүн чыгышындагы 2 шаарда – Доха (калкы 339 миң; 2008) м-н Эр-Райянда (258 миң) жашайт.
Тарыхы
. К. ж. а-н адамдар б. з. ч. 4–2-миң
жылдыктан мекендеген. К. ж-дө алгач б. з. 1- к-нда рим тарыхчысы Плиний Улуу тарабынан эскерилет. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягынан К-га араб уруулары отурукташа баштап, анын
аймагы биринчи араб мамлекеттеринин бири –
Харакены мамлекетине кирген. Харакены мамлекети ыдырагандан кийин К. сасаниддик Ирандын бийлигинде болгон (4-к.), 7-к-да Араб халифатына кошулуп, ислам динин кабыл алган.
Омейяддардын учурунда К. порт шаарлары –
Эль-Бида, Эз-Зубара ж. б. м-н араб соода борборлорунун бирине айланган. 10–11-к-да К. карматтар мамлекетинин курамына кирген. 13-кда Оманга көз каранды болгон. 1320-ж. К-ды ж-а Перс булуңунун түш. жээгиндеги эмирликтерди Ормуза шейх басып алып, 15-к-дын 2- жарымынан алар Осмон империясына баш ийген. 16-к-дын башында португалдар ээлеген, бирок 1536-ж. аларды осмон түрктөрү сүрүп чыккан. 16-к-дын аягы – 17-к-дын башында Ормуз
кысыгынын жээктери англичандардын көзөмөлүнө өткөн. Перс булуңунун тегерегиндеги англис экспансиясынан чочулаган Осмон империясы К., Нежд ж-а ага жакын жерлерди расмий түрдө Осмон империясынын ээликтери деп жар ыя лаган. Б ир ок К -да Ос мон им пе ри яс ы жүргүзгөн бийлик номиналдуу болгон. 18-к-да ошол чөлкөмдөгү күчтүү мамлекетке айланган Омандын Перс булуңундагы ээликтерге ж-а К-га таасири күчтүү болгон. 1720-жылдары Оман династиясынын башкаруучулары Ярубиддер Түш.-Чыгыш ж-а Чыгыш Арабияны (а. и. К-ды) толугу м-н өзүнө караткан. 18-к-дын аягына чейин Оман имаматы европалыктардын
Чыгыш Арабияга киришине тоскоол болгон. Бирок анын экиге (Ички Оман ж-а Маскат) бөлүнүшү, о. эле Иран ж-а Осмон империясынын начарлашынан улам Улуу Британия бул аймакта өзүнүн бийлигин чыңдаган. 1766-ж. К-га Кувейттен бану атбан уруулары көчүп келген. Перс булуңунан англистерди кубалоо үчүн бану атбандар ваххабиттер м-н келишим түзүп, англистердин кемелерине каракчылык м-н кол салышкан. Чыгыш Арабиянын жээги британ тарыхый булактарында «Каракчы жээги» деп аталган. 1803-ж. ваххабиттер К., Бахрейн, Кувейт ж-а чыгыш арабиялык ээликтерге үстөмдүк
жүргүзүшкөн. 1818–19-ж. англистер ваххабит
ээликтерин талкалап, Осмондордун бийлигин калыбына келтирбеш үчүн британ өкмөтү Перс булуңуна аскер эскадрасын киргизген. 1820-ж. Улуу Британия чыгыш арабиялык шейхтер м-н «Тынчтык жөнүндө Генералдык келишим» түзүп, ал б-ча Перс булуңундагы ээликтер Англиянын колониясына айланган. 18-к-дын 2- жарымында К-да Тани династиясынын шейхи Касем бен Мухаммад Аль-Тани негиздеген чакан ээлик түзүлүп, ал 19-к-дын аягында бүткүл К-ды бириктирген. 1871-ж. К-ды түрктөр кайрадан басып алып, 1914-жылга чейин бийлик кылган. 1-дүйнөлүк согуш жылдарында Аль- Тани династиясынын жүргүзгөн бийлигине элдин нааразычылыгы К-да ички саясий кырдаалды курчуткан. Өзүнүн позициясын чыңдоо максатында 1916-ж. 3-ноябрда Абдалла бен
Касем Аль-Тани шейх (1913–49) Улуу Британия
м-н келишим түзгөн. Келишим б-ча К. Улуу Британия протекторатына айланган. 2-дүйнөлүк
согуш жылдарында К-дын борбору – Дохага британиялык аскерлер жайгашып, аскер имарат-

тары курулган. Согуш бүткөндөн кийин К-да ички саясий кризис башталып, династиялык талаш-тартыштарга алып келген. Аль Тани династиясынын үч кланынын өкүлдөрү (Бани Хамад, Бани Али ж-а Бани Халед) бийлик талашкан. 1949-ж. Бани Хамад кланынын өкүлү Халифа бен Хамад Аль Тани шейх мурасчы болуп шайланган. Бани Али кланынан Али бен Абдалла Аль Тани шейх регент болуп дайындалып, 1960-ж. чейин башкарган. 1950-жылдары өлкөнү өнүктүрүүнүн социалдык-экон. программасы ишке ашырыла баштаган. Кулчулук ж-а кул сатууга тыюу салуу ж-дө декрет кабыл алынган, алгачкы башталгыч мектептер ачылып, дарылоо мекемелери көбөйүп ж. б. демокр. реформалар жүргүзүлгөн. 1970-ж. 2-апрелде К-дын убактылуу Конституциясы кабыл алынып, Аль Тани үй-бүлөсүнүн бийлигин бекемдеген. Мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлиги эмирдин ж-а ал дайындаган Министрлер кеңешинин колунда болгон. Саясий партия, коомдук уюмдарды (профсоюз) түзүүгө тыюу салынган. 1970-ж. 28-майда уюшулган Министрлер кабинетин Халифа шейх жетектеген. 1971-ж. 28- июнда ал англичандар м-н сүйлөшүүлөр жүргүзүп, Улуу Британия м-н 1916-жылдагы макулдашуу Достук ж-дө келишимге алмаштырылып, 1971-ж. 3-сентябрда К. көз карандысыз мамлекетке айланган. 1972-ж. 22-февралда ак сакалдар кеңешинин колдоосу м-н Халифа шейх өзүн эмир деп жарыялаган. Анын бийлигинин мезгилинде өлкөнүн экономикасы жогорулап, нефть өндүрүү ө. ж. жаңыртылган. Жаңы жерлер өздөштүрүлүп, мал чарбасы өнүккөн. 1970– 80-жылдарда жаңы ө. ж. ишканалары курулган. 1980-жылдардын 1-жарымынан банк сектору тез өнүгө баштаган. 1981-ж. К. Перс булуңу араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешине кирип, кошуна эмираттар м-н болгон чек ара маселесин чечкен. 1990-жылдардын башында гезит, журналдар цензурага алынып, К-га чет элдик басылыштар киргиздирилбей, окутуу программалары кайра каралып чыгып, ислам динине багытталган сабактардын сааттары көбөйтүлгөн. 1995-ж. бийликке келген Хамад бен Халиф Аль Тани демокр. өзгөртүүлөрдү жүргүзгөн цензура алынып, 1996-ж. «Аль Жазира» улуттук маалымат компаниясы түзүлгөн. 2003-ж. жаңы кабыл алынган Конституция (2005-ж. күчүнө кирген) б-ча аялдар шайлоого, парламентке шайланууга ж-а мамл. кызматтарда иштөөгө укук алышкан. Бирок саясий партиялар м-н коомдук уюмдардын ишине тыюу салынган. 21-к-дын башынан К-дын тышкы саясаты Перс булуңундагы коопсуздукту чыңдоого багытталган. Бул маселе б-ча К. АКШ м-н тыгыз кызматташат. 2002-ж. декабрда Эль- Удайд булуңунда АКШ аскер базасы курулган. 2003-ж. Иракты оккупациялоодо эмират АКШ баш болгон батыш мамлекеттеринин негизги таяныч пункту болгон.
Чарбасы
. 21-к-дын башталышынан К-дын экономикасынын негизин углеводород сырьёлорун өндүрүү, кайра иштетүү ж-а экспорттоо түзөт. ИДПнин көлөмү 68,9 млрд доллар; аны киши башына бөлүштүргөндө 74,2 миң доллардан туура келет (дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт); ИДПнин көлөмүнүн динамикасы толугу м-н дүйнөлүк рынокто энергия сырьёсу б-ча түзүлгөн кырдаалга байланыштуу. Адам өнүгүүсүнүн индекси 0,875 (2005; дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 35-орунда). Нефть кендерин иштетүүгө чейин К-дын чарбасынын негизги тармагы – балык кармоо ж-а бермет чогултуу болгон. 1990– 2000-ж. нефть-химия комплекси ж-а чет элдик туризм өнүгө баштады. К-га келген туристтердин саны жылдан жылга өсүүдө (2006-ж. 900 миң турист келген); заманбап мейманкана структурасы түзүлүүдө; мамл., эл аралык ж-а коммерциялык банктар, улуттук ж-а чет өлкөлүк камсыздандыруу компаниялары иштейт. ИДП структурасында ө. ж-дын үлүшү 73,5% (а. и. нефть-газ өндүрүү 62%), тейлөө чөйрөсүнүкү 26,4%, а. ч-ныкы 0,1%. Нефть өндүрүүнү мамл. «Qatar Petroleum» компаниясы көзөмөлдөйт (2006-ж. суткасына 1,1 млн
баррель өндүрүлгөн; 80%и экспорттолот). Өлкө б-ча өндүрүлгөн нефтинин жарымына жакыны Духан кенине туура келет; анда нефть м-н кошо газ ж-а газ конденсаты да алынат; нефть кууру аркылуу нефть экспорттоочу Умм-Саид порту м-н туташат. Нефть, о. эле өлкөнүн чыгышында, Перс булуңунун шельфинен өндүрүлөт. Перс булуңундагы кендердин нефтиси Халула а-ндагы нефть терминалы аркылуу экспорттолот. 2005-ж. 43,9 млрд м3 газ өндүрүлгөн; эң ири
кени – Түн. кени (айрым жерлери, мис., Түш.
Парс Иранга таандык). 2005-ж. 13,5 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн; тиричиликте керектелүүчү электр энергиясы калкка акысыз берилет. Курулуш сектору (ИДПнин 5%тейи)
өлкөнүн экономикасында мааниси б-ча отунэнергетикадан кийинки 2-орунда; аны м-н
өнүккөн цемент өндүрүшү тыгыз байланышта.

Ө. ж. ишканаларынын басымдуу бөлүгү Умм- Саид (жер семирткич чыгаруучу, болот куюу з-ддору ж. б.), Рас-Лаффан (негизинен газ иштетүүчү ишканалар) ж-а Доха ш-нын тегерегинде түзүлгөн индустриялуу зоналарда топтолгон. К-дын а. ч-нын өнүгүүсүнө анын катаал климаттык шарты, чөл ж-а жарым чөлдүү аймактардын басымдуулук кылышы тоскоолдук кылат (өлкөнүн аймагынын 3%ке жакын жери гана а. ч-нда пайдаланылат). Мамлекеттен субсидия алган чакан а. ч. ишканалары гана бар. А. ч. өдүрүшү элдин азык-түлүккө болгон муктаждыгынын 10%ин гана канааттандырат; азык-түлүктүн басымдуу бөлүгүн сырттан сатып алат. Жүгөрү ж-а таруу аз өлчөмдө гана жыйналат. Оазистерде мөмө-жемиш, курма пальмасы, жашылча өстүрүлөт. Эчки, төө, кой, жылкы асыралат; куш чарбасы өнүккөн. Балык кармоонун ж-а бермет чогултуунун мааниси зор.
Автомобиль жолунун жалпы уз. 1230 км; анын негизги тармактары: Доха – Эр-Райян – Духан, Доха – Эль-Хаур – Эр-Рувайс, Доха – Эль-Киръана – Эль-Хуфуф (Сауд-Арабиясы). Жүктүн басымдуу бөлүгү деңиз транспорту м-н ташылат. Негизги деңиз порту – Доха. Беш аэропорттун
бирөө эл аралык аэропорт (Дохадагы). Куур транспортунун уз. 2164 км, а. и. газ куурунуку 1024 км, нефть куурунуку 844 км (2006).
Сырткы соода товар айлануусунун көлөмү 48,6 млрд доллар (2007), анын 33,5 млрд доллары экспорттук, 15,3 млн доллары импорттук товарлар. Экспортунун 70%ке жакынын нефть, нефть продуктулары ж-а суюлтулган газ түзөт; о. эле сыртка металл арматурасын, жер семирткич ж. б. да чыгарат. Экспорттук негизги соода шериктери: Япония, Корей Респ., Сингапур, Таиланд. Машина ж-а жабдууларды, эл керектөөчү товарларды, азык-түлүктү Франция, Япония, АКШ, Италия, Германия, Улуу Британия, Сауд Арабиясы, Корей Респ-нан сатып алат.
Маданияты
. К-да мектепке чейинки мекемеден ун-тке чейин үзгүлтүксүз билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган «К-12» билим берүү реформасы 2002-жылдан жүзөгө ашырылууда. Билим берүү мекемелерине билим берүү Министрлиги (1957), билим берүү маселелери б-ча Жогорку Кеңеш ж-а Билим берүү ин-ту (2002) жетекчилик кылат. Билим берүү системасы мектепке
чейинки (3төн 6 жашка чейин), милдеттүү башталгыч (6 жылдык), толук эмес орто (3 жылдык), толук орто (3 жылдык), кесиптик орто ж-а жогорку билим берүүнү камтыйт. Мамл., менчик ж-а көз каранды эмес мектептер (2002) бар. Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 89%ти түзөт (2004). ЖОЖдор, ил. мекемелер, китепканалар ж-а музейлер негизинен Дохада жайгашкан. Жетекчи кадрлардын Катар академиясы (2005) бар. Ил. мекемелер (баары Дохада) ж. б. иштейт.
Эмирдин жарлыктарын ж-а мыйзам чыгаруу
актыларын чагылдыруучу алгачкы гезит 1961-ж. негизделген. 1969-ж. Маалымат департаменти негизделип (1998-ж. жоюлган), «Доха» журналын чыгара баштаган. 1970-жылдары апталык менчик журналдар, гезиттер чыга баштаган. 2002-ж. күн сайын «Ар-Райя» «Аш- Шарк», «Аль-Ватан», «The Peninsula» гезиттери, «Катар аль-Хайр», «Ад-Доха лиль-Джамиа» журналдары (араб ж-а англис тилинде) чыгып турган. Радио уктуруусу 1968-жылдан (алгач араб, 1971-жылдан англис, 1980-жылдан урду, 1985-жылдан француз тилдеринде), телекөрсөтүү 1970-жылдан (алгач араб, 1982-жылдан англис тилинде) иштейт. 1996-жылдан «Аль-Жазира ТВ» спутник каналы, 1993-жылдан кабелдик телекөрсөтүү иштей баштаган. 1975-ж. The
Qatar News Agency – Улуттук маалымат агенттиги негизделген.
К. калкы миңдеген жылдар бою чатырларда жашаган. Курулуштар Осмон империясынын учурунда пайда болгон. 19-к-да К-да аль-Бида форту, азыр Амири-Диван өкмөт үйү, Эз-Зубар, Эль-Хаурдагы ж-а Эль-Вакра шаарчасындагы

форттор, 20-к-дагы Умм-Салаль-Мухаммад форту, Абдалла бен Касем Аль Тани шейх үчүн курулган сарай ж. б. белгилүү. Форттор ж. б. курулуштардын дубалы таш же кыштан тургузулуп, чопо же гипс м-н шыбалган. Терезе, эшиктери Индия ж-а Чыгыш Африкадан алынып келген жыгачтан жасалган. Имараттардын
үстүңкү бөлүгүнө желдеткич мунаралар салынган. 1960-жылдан К-да араб үлгүсүндөгү арх-ралык курулуштар пайда боло баштаган. Дохада Улуттук театр, Маалымат ж-а мад-т министрлиги (1982, арх. Ахмад Шайха, Ж. Коннелл ж. б.), Ан-Насер мечити (1986, арх. Анвар Атта), Аль- Кубиб мечити (1998) 1975-ж. Катар ун-т комплекси (арх. египеттик Камаль аль-Кафрави), 2000-жылдары Ислам маданий борбору, Барзан мунарасы, Ислам иск-во музейи, Улуттук китепкана, Сүрөт музейи, Улуттук костюм ж-а текстиль музейи ж. б. курулган. 1980-жылдардын башында Египет, Ирак, Франция, Италия ж-а АКШдан билим алып келген сүрөтчүлөр К-да сүрөт өнөрүнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон. 1980-ж. Дохада Сүрөт өнөрүнүн Катар коому ж-а Эркин устакана түзүлгөн. 20-к-дын аягындагы белгилүү сүрөтчүлөр: Эркин устакананын
негиздөөчүсү – Жасем Зайни, Султан Алсилайты ж. б. Мектептерде көркөм кол өнөрчүлүк, сүрөт тартуу чеберчилиги ж. б. үйрөтүлөт.
К-дын муз.-бий мад-ты араб, перс, инди, африка ж. б элдердин салттуу үлгүлөрүн ж-а жанрларын камтыйт. Бедуиндердин ар тармактуу ыр жанрлары бар. Салттык перс-араб муз. аспаптарын – най флейтасы, канун цитрасы, уд лютнясы ж. б. колдонушат. Жерг. калктын салттуу ыр, бийлери да бар.

Ад.: Исаев В. А., Филоник А. О. Государство Катар: проблемы развития. М., 1999; Алексеева Н. Н. Современные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; Катар// Большая Российская энциклопедия. Т. 13. М., 2009.