КАШКА БЕДЕ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАШКА БЕДЕ (Melilotus) – чанактуулар тукумундагы бир жылдык же эки жылдык өсүмдүк уруусу. 25тей түрү, а. и. КМШ өлкөлөрүндө 12 түрү белгилүү.

К. б-нин сабагы түз, бутактанып өсөт, жылмакай (бийикт. 1,5–3 мче). Жалбырагы үчилтик, чети тарамдуу. Гүлү майда, чачы сымал, сары же ак. Чанагы сөлпү, кара же сары, уругу майда. 1000 данынын салм. 1,7–1,9 г. Тамыры чың, жерге 1,5–2 м терең кирет. Кургакчылыкка, суукка чыдамдуу, топуракты анча тандабайт. Акиташтуу топуракта жакшы өсөт. Негизинен эки түрү – ак К. б. ж-а сары же дары К. б. көп эгилет. Тоютка негизинен ак К. б. айдалат. Курамында белок, витамин ж-а минерал туздар көп. Тоюттук сапаты жагынан кадимки бедеден калышпайт. Ак К. б-нин курамында 73,2% суу, 44% протеин, 0,5% май, 9,7% клетчатка, 10,5% азотсуз зат, 1,7% күл бар. 100 кг кургак чөбүндө 44,0 тоют бирдиги, 11,6 кг сиңимдүү протеин болот. Гектарынан 200 цден түшүм алынат. К. б. балдуу өсүмдүк, бал аарылары ар гектардан 200– 500 кгга чейин бал топтойт. Кырг-ндын шор топурактуу жерлеринде өстүрүлөт.