КАЧЫБЕК Шераалы уулу: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАЧЫБЕК Шераалы уулу (18-к-дын аягы – 19- к-дын 60-жылдары) – 19-к-дын башында ысык­көлдүк кыргыздардын атынан Россияга барган элчилердин (к. Жакыпбек Ниязбек уулу) бири.

Качыбек Шераалы уулу сый­ланган медаль.

Бугу уруусунан (белек) чык­кан ж-а аларды Россия им­периясынын букаралыгына өтүү үчүн демилгечилерден болгон. Алгач элчиликке бар­ганда орустар м-н кызматта­шууга даяр экенин билди­рип, капитан чини ж-а Анна тасмасындагы алтын медаль м-н сыйланган. 1854-ж. сен­тябрда Боромбай Меңмурат уулунун атынан кайрадан Омск ш-на барып, бугу уруусу Россия­нын курамына өтүүгө даяр экенин билдирген. 1855-ж. 17-январда Россия империясынын ку­рамына киргенин ырастап, бугу кыргыздары­нын атынан ант берген. Бул үчүн майор чинин алып, 1858-ж. бугу уруусунун улук манабы бо­луп дайындалган.


Ад.: Өмүрбеков Т. Улуу инсандардын Кыргызстан­дын тарыхындагы ролу жана орду (XIX к-дын ортосу – XX к-дын башы). Б., 2005; Хасанов А. Из­бранные труды. Очерки по истории Киргизии. Б.; М., 2004.