КАХЕКСИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАХЕКСИ́Я (kakjs – жаман ж-а htxis – абал) – организмдин өтө начарлап, физ. алсыздануусу. Мында өтө арыктап, тери бырышып кургайт, бардык орган ж-а ткандары жабыркайт, май ткандары түгөнүп, булчуңдар, ички органдар кичирейип, кан сары суусундагы белоктор азаят, ак шишик басып, кээде психика бузулушу мүмкүн. Анын пайда болушуна узакка жетишсиз тамактануу же ачка болуу, зат алмашуунун өтө бузулушу, мышьяк, коргошун, сымап, фтор м-н өнөкөт уулануу, тамак сиңирүү жолунун оор жабыркашы себеп болот. О. эле туберкулёз ж. б. өнөкөт оорулардын оор өтүшү, айрым ички секреция бездеринин (гипофиз, калкан сымал без, уйку бези ж. б.) жабыркашы, кызыл өңгөч, карындын рак шишиктери ж. б. да К-га алып келиши мүмкүн.