КАУСТОБИОЛИТТЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАУСТОБИОЛИТТЕР (гр. kaustos – күйүүчү, bios – тиричилик, lithos – таш) – орг. жол м-н пайда болгон күйүүчү кен байлык. Өсүмдүктөр м-н жаныбарлардын калдыктарынан ж-а алар­дын геол.-хим. факторлордун натыйжасында өзгөрүп кетишинен келип чыгат. Алар көмүр (чым-көң, күрөң ж-а таш көмүр, күйүүчү сла­нецтер) ж-а нефть (асфальт, озокерит, күйүүчү газ) болуп эки топко бөлүнөт. Көмүр тобуна ки­рүүчүлөр алгачкы затына ж-а пайда болуу шар­тына жараша сапропелит, гумит ж-а липтоби­олиттерден турат, к. Көмүр кендери.