КАУНАС: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КА́УНАС (1917-ж. чейин К о в н о) – Литвадагы шаар. Каунас уездинин адм. борбору. Нямунас (Неман) д-ндагы порт. Калкы 355,5 миң (2008); калкынын саны б-ча өлкөдөгү Вильнюстан ки­йинки 2-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Тогуз жолдун тоому. Алгач 1030-жылдан эскерилет. 1795-жылдан Россия империясынын курамын­да болгон. 1919–40-ж. Литва Респ-нын борбо­ру. Готика стилиндеги шаар сепили (13–17-к.) ж-а Витовта костёлу (14–15-к.), Пятро ир Пови­ло кафедралуу собору (15–16-к.), барокко сти­линдеги ратуша (16–18-к.), иезуиттер чиркөөсү (1666), монастырь (17-, 18-к-дын башы) ж. б. сакталган. Шаардын жаңы бөлүгү 19-к-дын орто ченинен курула баштаган. Витовта аскер музе­йинин мунарасына 1935-ж. карийон (коңгуроо топтомдорунан турган клавишалуу механизм; 1958-, 2006-ж. жаңыртылган) орнотулган. Ма­шина куруу (станок, электр моторлору, телеви­зор, мед. жабдуулар ж. б.), металл иштетүү, тамак-аш (эт, сүт, сыр ж-а макарон азыктары), полигр., хим. (жасалма була), фармацевтика, кагаз, полигр., курулуш материалдар ө. ж. иш­каналары, ГЭС иштейт. Салттуу жеңил (трико­таж, жүн, жибек буюмдар, бут кийим ж. б.) ө. ж. жана көркөм кол өнөрчүлүк (булгаарыга наар түшүрүү, жүндөн ж-а жыгачтан буюм жа­соо, көркөм карапа) өнүккөн. Алкоголдуу ичим­диктерди өндүрүүчү «Stumbras» (1906) ж-а ма­карон азыктарын чыгаруучу «Amber Pasta» ири компаниялары иштейт. ИИИлер (бакчылык, то­койчулук, энергетика), ун-ттер, мед. ветерина­рия, а. ч. академиялары, эл аралык менежмент мектеби, 3 театр (а. и. драма, муз., куурчак), калк китепканасы, 40ка жакын музей (а. и. М. К. Чюрлёнис атн. сүрөт, ад-т, тарых, зоол., ж. б.), сүрөт галереясы бар. Эл аралык «Кау­нас-жаз» ж. б. муз. фестивалдар ж-а коңгуроо музыкасынын концерттери (1956) өткөрүлүп ту­рат. Зоол. (1938) ж-а ботан. (1932) бактар уюш­турулган. Туризм өнүккөн.