КАТЫНЬ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАТ НЬ (Катынь токою) – Смоленск обл-ндагы 1940-ж. жылдын жазында СССР Ички иштер эл комиссариатынын (ИИЭК – НКВД) кызматкерлери тарабынан атылган, польшалык инсандар (айрыкча туткунга түшкөн поляк армиясынын офицерлерин) көмүлгөн жер. 1939-ж. августта СССР м-н фашисттик Германиянын ор-


тосунда өз ара кол салбоо ж-дө пакт түзүлгөн. Пакт б-ча Польшанын батыш аймактары Германияга, чыгыш аймактары СССРге карамак болгон. 1939-ж. сентябрда Германия Польшага кол салып, 10 күндө караткан. Румынияга качкан Польша өкмөтү туткунга алынып, эркиндиги чектелген. 1939-ж. Кызыл Армия Украина, Беларуссиянын батыш аймактарын ж-а Польшанын чыгыш аймактарын караткан. Кызыл Армияга каршылык көрсөткөн поляк офицерлери, интеллигенция өкүлдөрү туткунга алынып, түрмөгө, лагерлерге камалып, 1940-ж. ИИЭК кызматкерлери тарабынан Катынь токоюнда (Беларуссия) атылган. 1943-ж. жерг. элдин маалыматы б-ча атылгандардын сөөктөрүн Катынь токоюнан поляктар тапкан. Совет бийлиги 1990-ж-га чейин Катынга тиешеси жок экендигин билдирип, бүт жоопкерчиликти Гер-
манияга жүктөгөн. 1990-ж. СССРдин башкы аскер прокуратурасы тарабынан К. ж-дө иш козголуп, ал 2004-ж. жабылган. 183 томдон турган К. ж-дөгү иштин ичинен РФ 67 томду гана Польшага берип, калган 116 том РФтин мамл. сыры катары эсептелгендиктен, Польшага берилген эмес. Архив документтери б-ча Батыш Украина м-н Батыш Беларуссияда жалпысынан 21 857 киши атылган, а. и. Катынь токоюнда 4 421, Харьковдо 3 820, Калининде 6 311 ж-а лагерлер м-н түрмөлөрдө 7 305 киши өлгөн. Туткунга түшкөндөрдүн арасында келечектеги Польшанын президенти Войцех Ярузельский, Израилдин премьер-министри Менахем Бегин да болгон. К. Польша м-н Россиянын мамилелерине терс таасир тийгизген. 1989-ж. К. мемориал комплекси орнотулган.
Т. Жоробеков.