КАТУУ БУУДАЙ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАТУУ БУУДАЙ (Triticum durum L/) – буудайдын түрү. Эгилген аянты б-ча буудай түрлөрүнүн ичинен дүйнөдө экинчи орунда. 120дан ашык түрү белгилүү. К. б. күздүк ж-а жаздык, о. эле кош сапаттагы формага ээ. Даны машагында тыгыз
жайгашкан. Даны жумшак буудайдын данынан чоңураак, негизинен айнек
сымал жалтырак, сапаттуу таза ун көп чыгат.
Белогу сортуна жараша 14–20%ке чейин болот.
Клейковинасы да жумшак буудайдыкынан жогору. Бирок унунан бышырылган нан жакшы
көппөйт. Себеби клейковинасынын сапаты төмөн. Унунан негизинен сапаттуу макарон, вермишель, кесме, шак, майда акшак алынат. К. б. көбүнчө Россия, Казакстанда (К. б. өстүрүү б-ча дүйнөдө алдыңкы орунда) эгилет. Кырг-нда К. б.
аз аянтта эгилет ж-а сугат жерлерде 60–70 цге
чейин түшүм берет. Г. Ф. Эшимкулова.