КАТОД: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАТО́Д (гр. kfthodos – төмөн түшүрүү, кайрылуу) – 1) электрондун булагы болуп кызмат кылуучу электр боштугунун же газ разряддуу прибордун терс электроду. Ал электрод аралыгындагы мейкиндиктин боштуктагы же газдагы өткөрүмдүүлүгүн камсыз кылат. Электрондорду чыгарышына жараша термоэлектрондук, фотоэлектрондук ж-а муздак К. болуп айырмаланат; 2) ток булагынын (аккумулятор, гальвани элементтери ж. б.) терс электроду; 3) электр жаасынын, электролит ваннасынын ж. б. түзүлүштөрдүн ток булагынын терс уюлуна туташтырылуучу электроду. «К.» терминин 1934-ж. М. Фарадей киргизген.