КАТМАРЛАНУУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАТМАРЛАНУУ г е о л о г и я д а – тоо тектеринин катталышы, бир нече кабаттын ирети м-н орун алышы. Чөкмө тектер м-н жанартоо тектери аралаш жайгашып, жалпы катмарды пайда кылышы мүмкүн. Ар бир кабат литол. курамы, өңү-түсү, түзүлүшү м-н айырмаланат. Катмарга айлануу процесси ирети м-н жүрөт. Мындай көрүнүш физ.-геогр. шартка байланыштуу. Кабаттар астынкы ж-а үстүнкү беттерден турат. Ар бир кабат беттелиши м-н бөлүнөт. Адегенде чөкмө тектер түз, тегиз, горизонталдуу орун алат. Тектон. кыймыл мындай катмарларды ийип чоёт, бүктөйт же ары-бери, өйдө-төмөн жылдырат, сындырып жарат. Мурдагы тартиби бузулат. Кээде катмарлар жарыш же кыйгач орун алат. Эгерде кабаттын калыңдыгы 1 мм болсо, аны микро, 1–5 мм – эң жука, 5 мм жука, 1–10 см орто, 1 мден ашыгы калың кабат же катмар деп аталат. Чөкмө тектердин тынымсыз чөгүшүнөн калың, өзгөрүшүнөн жука катмарланат. Кокустан тектер чөкпөй калса, анда геол. тыныгуу деп аталат. Натыйжада кийинки чөкмөлөр туура эмес жайгашат. Бурчтук туура

эмес орун алуулар жүрөт. Айрым учурда конгломерат орун алат. Кээде мурдагы катмардын үстүн суу жеп, жемирип, эзип эритип, тегиз болбой толкун сыяктанып калат (к. Схема). Чөкмө тектердин катмарлануу тартибин изилдеп, ошол кездеги физ.-геогр. шартты, геол. абалды, жаныбарларын, өсүмдүктөрүн, тектон. кыймылдарды аныктоого болот.
Ад.: Ботвинкина Л. Н. Методическое руководство по изучению слоистости. М., 1975.