КАТМАНДУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАТМАНДУ́ – Непал Королдугунун борбору (1769-жылдан), шаар. Катманду анчолунун (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Гималайдын тоо аралык өрөөнүндө, Жомолунгма (Эверест, 8848 м) чокусуна жакын жайгашкан. Калкы 911,1 миң (2009; агломерациясында 1,6 млн).

Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. К-ну 723-ж. Непал монархы Гунакамадев негиздеп, Лалитпурдан борборду көчүрүп келген. Алгач Кантипур деп аталган. Шаардын негизги бөлүгүндө 17–18-к-дын мүнөздөрү сакталган. Борб. бөлүгүндө классицизм стилиндеги Нараянхити- Дарбар король ак сарайы (20-к-дын башы), Катх- Мандир жыгач пагодасы (1596), Бхимсен мунарасы (1825) ж. б. ак сарайлар ж-а «Хануман Дхока» (15–18-к.), Пашупатинатх (13-к.) храмдар комплекси, неоклассика стилиндеги ак сарайлар (20-к-дын башы) ж. б. бар. Катманду өрөөнүнүн арх-ралык эстеликтери (800дөн ашык) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Шаарда көптөгөн кустардык көркөм өнөрканалар (зер ж-а жасалга-колдонмо өнөр буюмдары, карапа; килем токуу), жеңил [бул-
гаары–бут-кийим, текстиль (кебез кездеме), жут
ж-а кийим тигүү], тамак-аш (кант), фармацевтика (дары чөптөрдүн негизинде), курулуш материалдар (цемент, кыш, черепица) ө. ж. ишканалары иштейт. К. – өлкөнүн ири маданий ж-а
ил. борбору. Король академиясы, ун-ттер, коллеждер, китепканалар (а. и. ири «Бир лайбрери», 14-к.; байыркы миниатюралуу кол жазмалар топтому, китеп сакталуучу жайында непал, невари, санскрит ж. б. тилдердеги 15 миңден ашык кол жазмалар сакталып турат (пальма жалбырагына жазылган эң байыркы кол жазмага 1600 жыл), музейлер (а. и. улуттук, нумизматика), театр бар. Буддисттердин диний борбору. К-да о. кылымдын курулуштары сакталып, кыш м-н жыгачтан салынган 2–3 кабаттуу үйлөр м-н кууш көчөлөр басымдуу. Шаардын борб. бөлүгүндө Тундикхел аянты, андан алыс эмес Непал королдорунун Нараянхити- Дарбар ак сарайы жайгашкан. Шаар жер титирөөдөн (өтө катуу 1833, 1934) жабыркаган.
К. – туризмдин дүйнөлүк борборлорунун бири.
Театр фестивалдары, Түш. Азия оюндары (1984, 1999) өткөрүлүп турат. К-нун чет жакасынан мрамор казылып алынат.