КАТАПУЛЬТА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАТАПУ́ЛЬТА (лат. catapulta, гр. kata- – ылдый ж-а раllein – ыргытуу дегенден) – 1) кыйраткыч нерселерди (жумуру таш, учталган устун, өрттөнмө челек ж.б.) чыйратылган серпилгич аркандын жардамы м-н ыргытуучу байыркы аскер куралы. Анын ыргытуу алыстыгы 250–850 мге жеткен. Байыркы гректер ж-а римдиктер К-ны сепилдер м-н чептерди алууда пайдаланган; 2) кемелердин палубасынан кыска аралыкта самолёт, планер ж. б. учуучу аппараттарга баштапкы (старттык) ылдамдык берүүчү түзүлүш; 3) зарыл учурда учуп жүргөн учкучту же космонавтты отурган орундугу м-н кошо автоматтык түрдө серпип (катапульталап) чыгаруучу курулма. К-ланган учкуч же космонавт жерге парашют м-н түшөт; 4) механизмдерди сыноодо, К-лоо ыкмаларын иштеп чыгууда, учкучтар м-н космонавттардын а шыкча күч келүүлөргө машыктырууда колдонулуучу жер үстүндөгү курулма.