КАСЫМОВ Эркин: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАСЫМОВ Эркин (22. 7. 1941, Чүй обл., Сокулук району, Орок айылы – 8. 3. 2010, Бишкек) –

опера ырчысы (баритон). Кырг-н Ленин комсомолу сыйл. лауреаты (1979), Кыргыз ССР эл. арт. (1987), КРдин Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (2006). 1969-ж. Москвадагы П. Чайковский атн. консерватори янын алдындагы муз. окуу жайды, Б. Бейшеналиева атн. КМИИнин вокалдык бөлүмүн (1981) бүтүргөн. 1969-жылдан Кыргыз мамл. опера ж-а балет театрында иштеген, ошол эле мезгилде КР Маданият министрлигинин Иск-во башкармалыгынын жетекчиси болгон (1991–99). 50дөн ашык операда партияларды аткарган. Негизги ролдору – Риголетто (Ж. Верди, «Риголетто»), Скарпиа (Ж. Пуччини, «Тоска»), Тонио (Р. Леонкавалло, «Паяцы»), Томский (П. И. Чайковский, «Карганын маткеси»), Фигаро (Ж. Россини, «Севильялык чач тарач»), Амансоро (Ж. Верди, «Аида»), Эскамильо (Ж. Бизе, «Кармен»), Манас, Токтогул (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, «Манас», «Токтогул»), Хан (С. Осмонов, «Сепил»), Сапарбай (Н. Давлесов, «Аста-секин, колукту»). Кыргыз, орус, чет элдик композиторлордун ырларын, романстарын да чебер аткар-

ган. Моңголия Хуралынын Ардак грамотасы м-н сыйланган. Түркия, Моңголия, Кипрде, КМШ өлкөлөрүндө гастролдо болгон.