КАСЫМБЕКОВ Төлөгөн: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАСЫМБЕКОВ Төлөгөн (15. 1. 1931, азыркы Жалал-Абад обл., Аксы р-ну, Ак-Жол айылы – 16. 6. 2011, Бишкек, сөөгү Кой-Таш айылына коюлган) –

жазуучу, коомдук ишмер, Кыргыз Эл жазуучусу (1986), КРдин эл Баатыры (2007). 1957-ж. КМУнун филология ф-тин бүтүргөн. 1957–60-ж. «Кыргызокуупедмамбаста» редактор, 1960–73-ж. «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы, жооптуу секретарь, башкы редактор, 1973-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия ж-а китеп соода б-ча мамл. к-тинде башкы редактор, 1974–81-ж. Кырг-н жазуучулар союзунда адабий кеңешчи, 1987-жылдан Автордук укуктар б-ча бүткүл союздук агенттиктин Кырг-ндагы бөлүмүнүн директору, 1990–94-ж. Кырг-н Эркин жазуучулар союзунун төрагасы болуп иштеген. Алгачкы аңгемеси «Кичинекей жылкычы» 1952-ж. жарыкка чыккан. 1956-ж. «Жылкычынын уулу» аттуу алгачкы жыйнагы жарык көргөн. Жазуучунун алгачкы аңгемелери балдарга арналган. Автобиогр. негизде жазылган «Туулган жер» (1958) жыйнагында элеттик калктын кулкмүнөзү көрсөтүлөт. «Жетим» (1958), «Адам болгум келет» (1961) повесттеринде жаш муун өкүлдөрүнүн калыптануусу, турмуштан өз жолун табуу аракети сүрөттөлөт. К-дун чыг-лыгынын өзөгүн түзгөн тарыхый темадагы алгачкы тажрыйбасы «Алымкан» (1966) драмасы болуп эсептелет. Анда демократ акын Т. Сатылгановдун тагдырына байланыштуу эл ичинде легендага айланган окуя мүмкүн болушунча акындын биографиясына жакын, реалдуу маалыматтардын негизинде чагылдырылган. Жазуучунун чыг-лык жолунда окурмандардын кеңири чөйрөсүнүн көңүлүн бурган чоң ийгилиги – «Сынган кылыч» тарыхый романы (1-китеп 1966; толугу м-н – 1971). Романда 19-к-дын 2-жарымындагы Фергана, Алай, Анжиян, Аксы аймактарындагы кыргыздардын турмуш-тиричилиги ж-а саясий-социалдык абалы сүрөттөлөт. Чыгарманын көркөм курулушунда эки катмарды бөлүп көрсөтүүгө болот: биринчиси Нүзүп, Мусулманкул, Исхак өңдөнгөн бектер, уруу башчылары уюштурган жортуулдар, кагылыштар,
кандуу салгылаштар; экинчиси Сарыбай, Теңирберди, Мадыл, Кулкиши сыяктуу карапайым калк өкүлдөрүнүн турмуш-тиричилиги. Бул эки сюжеттик чынжыр бирде өз алдынча өнүгүп, бирде кесилишип турат. Феодалдык төбөлдөр уюштурган кагылыштар жөнөкөй элдин кызыкчылыктарына караманча жат болгон ж-а алардын тагдырына залакасын тийгизип, трагедия алып келген. Романда Кокон хандыгынын ордосундагы мамиле, улут тагдыры, коомдук процесстин өсүп-өнүгүшүн шарттаган тарыхый окуялар
чагылдырылган. Чыгарма коммунисттик идеология тушунда кысымга учурап, эгемен заманда оңдолуп, алымча-кошумчаланган варианты окуялардын, каармандардын көркөм-тарыхый жүзүн ачуучу маанилүү бөлүктөр м-н толукталып, 1998-ж. жарыкка чыккан. К. «Сынган кылыч» романына улай «Келкел» (1986), «Баскын» (2000) тарыхый үчилтиктин бөлүмдөрүн, улуттук каада-салт, таалим-тарбия, өкүмзор бийлик тушунда канаты кайрылгандардын турмушун баяндаган «Жетилген курак» (1976) романын, Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга көмөк көрсөткөн ички иштер кызматкерлеринин ишмердигин чагылдырган «Ак кызмат» (1980) тарыхый очеркин жарыялады. Аталган
чыгармалардын арасынан «Келкел» тарыхый романы Кырг-нда 20-к-дын 20–30-жылдарында
Совет бийлигин куруу учурундагы окуяларды
чагылдырууга арналган. «Алай ханышасы» Курманжан датка, тоо булбулу Токтогул, Кызыл аскерлердин Түркстандагы кол башчысы М. Фрунзенин көркөм образдары аркылуу автор Кырг-нга жаңы бийликтин орношунун татаал, карама-каршылыктуу учурун баяндайт.
«Баскын» кыргыздардын көөнө тарыхына арналган. Анын «Алымкан», «Курманжан датка» драмалары театр сахнасында коюлган. «Сынган кылыч» тарыхый романы үчүн КРдин Токтогул атн. мамл. сыйл. ыйгарылган (2000). Чыгармалары дүйнөнүн 65 тилине которулган.
КР Жогорку Кеңешинин депутаты (1990–95).
«Даңк» медалы, I даражадагы Манас ордени м-н сыйланган.