КАСТРО РУС: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КА́СТРО РУС Фидель (13. 8. 1926-ж. т., Биран, Орьенте провинциясы) –

Кубанын мамл., саясий ж-а аскер ишмери. Сов. Союз. Баатыры (1963). Гаванада католик коллежин (1945), Гавана унтинин укук ф-тин (1950) бүткөн. 50-жылдардын башында Куба элинин («Ортодокстор») партиясына өткөн. Өлкөдө генерал Фульхенсио Батистанын диктатурасы орногондон кийин (1952, март) ага каршы чакан топ түзүп, 1953-ж. 26- июлда Сантьяго-де-Куба шндагы аскер казармасына
кол салган, бирок ал аёосуз басылып, аскер трибуналынын өкүмү м-н 15 жыл түрмөгө кесилген. 1955-ж. коомчулуктун кысымы б-ча мунапыс алып, Мексикага эмиграцияга кеткен ж-а ал жерде «26-июль кыймылы» аттуу рев-ялык
топ түзгөн. 1956-ж. декабрда К. Р., иниси – Рауль Кастро, аргентиналык Эрнесто Че Гевара ж-а революционерлер тобу м-н Кубанын Орьенте провинциясына келип, Батистанын диктатурасына каршы партизандык күрөшкө жетекчилик кылган. 1959-ж. 1-январда Кубада рев-я
жеңип, Батистанын бийлиги кулаган соң, Куба Респ-нын рев-ячыл өкмөтүнүн премьер-министри
болгон (1959–77). 1965-жылдан Куба КП БКнын
1-секретары, 1977–2008-ж. Мамл. ж-а Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген. К. Р. 1960-ж. Кубадагы АКШ ж. б. чет мамлекеттердин менчиктерин тартып алып, амер-тардын 850 млн доллардык ишканаларын мамлекеттештирген. СССР ж. б. соц. мамлекеттер м-н соодаэкон. байланыштарды түзгөн. «Элдердин ортосунда тынчтыкты чыңдаганы үчүн» эл аралык Лениндик сыйл. лауреаты (1961). 3 Ленин, Октябрь Революциясы ордендери м-н сыйланган.