«КАСТАНЬЕ» МРАМОР ОНИКСИ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

«КАСТАНЬЕ» МРАМОР ОНИКСИ КЕНИ Нарын р-нунда, Нарын ш-нан 4–5 км батышта, Ала- Мышык тоосунун түн. капталында. Кен айма­гын карбон мезгилиндеги акиташ теги түзөт. Оникс карст процессинен пайда болгон Ала- Мышык үңкүрүндө жайгашкан. Үңкүр эңке­йиштеп 163 мге созулат. Туурасы 4 мге, бийикт. 2,5 мге жетет. Оозу кууш (0,7х1,5 м). Мында оникс жайгашуусу б-ча 3 түргө бөлүнөт: 1) ка­лыңдыгы 20 ммге жеткен күрөң, ачык күрөң, жездей сары ж-а чокморлошкон ак кабатчалар. Блоктуулугу 25х20х20 см; 2) сталактит-сталаг­мит түрүндө үңкүрдүн оозунан 40 м ары кезде­шет. Жездей сары, күрөң, ак тегерекчелерден турат. Кальциттин аппак майда тарамчалары учурайт. Блоктуулугу 15х15х15 см; 3) кораллит түрүндөгүсү үңкүрдүн орто ченинен орун алган. Жара кескенде кочкул кызыл, күңүрт күрөң, күрөң, ак, жездей сары кооз тегерекчелерден ту­рат. Блоктуулугу 10х5х5 см. Оникстин бардык түрү өтө кооз, жакшы сайкалданат. Запасы 20 м3. Зергердик кооз буюмдарды жасаса болот.