КАРЫШКЫРЛАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАРЫШКЫРЛАР (Canis) – жырткыч сүт эмүүчүлөрдүн ит сымалдар тукумундагы уруусу. Дене уз. 70–160 см, куйругунун уз. 20–50 см. Буттары узун, жылына 2 жолу түлөйт. 6 түрү Евразия, Африка, Америка, Гренландияда кездешет. КМШ өлкөлөрүндө 2 түрү бар. Жаныбарлар м-н азыктанат. Көбүнчө мал жайытында, талаа, чөлдө жашайт. Түсү сур, тундра К-ы куу, чөл К-ы саргыч. Өмүр бою жубу м-н, кээде кышкысын үйүр болуп жүрүшөт.

Ылаңдаган же өлгөн жаныбарды жеп, санитар ролун атк арат ; т аби гый биоценоздо туяктуулардын санын жөнгө салып турат . 62– 75 к үн көтөрүп, 3–13 (демейде 4–6) бөлтүрүк тууйт. Бир айдан кийин аларды эт жегенге үйрөтөт. Күзүндө эле бөлтүрүктөр чоңдор м-н кошо жашап, жаныбарларга кол салат. Мал чарбасына зыян келтирет.