КАРЫН ЗИЛИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАРЫН ЗИЛИ – карын былжыр челинин бездери бөлүп чыгаруучу түссүз, кычкыл суюктук. Анын курамында ферменттер, туз к-тасы, былжыр, минералдуу туздар болот. Ферменттер тамак сиңирүүгө катышат. Туз к-тасы тамак-ашты жумшартып, ферменттерди активдештирет, микроорганизмдерди өлтүрүп, уйку безинин фермент иштеп чыгаруусуна, тамак сиңирүүчү гормондордун пайда болуусуна түрткү берет. К. з-нде туз к-тасынын аз же көп болушу анын кычкылдуулугун аныктайт. К. з. тамак ичпей турганда бөлүнөт. Тамак оозго же карынга түшкөндө же адам тамакты көргөндө, жытын сезгенде, тамак ж-дө сөз болгондо да бөлүнө баштайт. Тамактын жагымсыз жыты же түрү анын бөлүнүшүн токтотот же азайтат. К. з-нин курамын изилдөө ооруну аныктоого жардам берет.