КАРСТ (кубулуштар): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАРСТ [Словениядагы Карст (Крас) тоосунун атынан], к а р с т к у б у л у ш т а р ы – жер астындагы же үстүндөгү суулардын тоо текте­рине тийгизген таасиринен пайда болуучу кубу­луштар. Тоо тектери сууга эзилип, ар кандай боштуктар, үңкүрлөр, чуңкурлар, кудуктар, көңдөйлөр, коңулдар келип чыгат. Гипс, бор, туз, акиташ, доломит тез эрип, орду боштукка айланат. Жер бетинде оюктар, чуңкурчалар, тайыз кудуктар, жер астында үңкүрлөр, бош­туктар, көңдөйлөр пайда болот. Булар карст үңкүрлөрү деп аталат. Алардын таасиринен жер бетинин түзүлүшү өзгөрөт. Кудуктарга суу то­луп, көлчөгө айланат. Ири үңкүрлөр АКШда (Флинт-Риж үңкүрү, уз. 100 км, Кентукки штаты); Крым, Кавказ, Урал, Сибирде кездешет. Кырг-нда Канигут (уз. 3,5 км), Чил-Устун (уз. 3 км), Ферсман атн. (уз. 1,5 км, тереңдиги 240 м) үңкүрлөр бар. К. кубулуштары эл чар­басына зор зыян келтирет. Айдоо аянттары, су­гат тармактары бузулат, жемиш бактары, ку­рулуштар талкаланат. Темир ж-а таш жолдору иштен чыгат.


Ад.: Соколов Д. С. Основные условия развития карста. М., 1962; Гвоздецкий Н. А. Карст. М., 1981.