КАРРУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАРРУ́ (англ. Karroo, готтентотчо karusa – кур­гакчыл, күрсүз жер) – Түш. Африкада Оранж д-нан түштүктү карай жаткан жарым чөлдүү пла­толор м-н тоо аралык ойдуңдардын жалпы ата­лышы. Субтропиктик климаттык алкакта. Ин­трузия тектери жиреп чыккан кумдук ж-а сла­нец катмарларынан турат. Кап тоолорундагы узатасынан жаткан өрөөндөр К и ч и К. (би­йикт. 300–600 м), Чоң Урчук м-н Кап тооло­рунун аралыгындагы ойдуңдар Ч о ң К. (450– 750 м), Чоң Урчук м-н Оранж д-нын аралыгын­дагы платолор Ж о г о р к у К. (1000–1500 м) деп аталат. Бадал ж-а дан өсүмдүктөрү ба­сымдуу.