КАРНО ЦИКЛИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАРНО́ ЦИКЛИ – эки изотерма ж-а эки адиабата процесстеринен турган кайталанма, айланма процесс (жүрүш). Жылуулук машиналарынын п. а. к-нын аныктоодо фр. инженер
<img src='КАРНО ЦИКЛИ24.png' alt='р–v (басым – көлөм) диаграммадагы Карно цикли; 8Q ж-а 8Q2 – cистемага берилген ж-а алынган жылуулук сандары; АВCD аянтынын сан мааниси цикл аткарган жумушка барабар.' />
Н. Л. С. Карно бул циклди 1824-ж. биринчи изилдеген. К. ц-нин п. а. к. (11) жумуш аткаруучу нерсенин (буу, газ ж. б.) касиетине көз каранды эмес, ал жылуулук бергичтин Т1
ж-а жылуулук кабыл алгычтын Т2
темп-раларынын чоңдугу м-н аныкталат, б. а. 11=(Т –Т )/Т . Ар кан-
дай жылуулук машиналарынын п. а. к. К.
ц-нин п. а. к-нен көп болушу мүмкүн эмес. К. ц. термодинамиканы ж-а жылуулук техникасын өнүктүрүүдө, жаңы кыймылдаткычтарды жасоодо чоң мааниге ээ. К. ц-не таянып, темп-ранын абс. термод. шкаласы түзүлгөн, Клапейрон-Клаузиус теңдемеси чыгарылган.