КАРЛУК МАМЛЕКЕТИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАРЛУК МАМЛЕКЕТИ – 766-ж. Түргөш каган­дыгынын кыйрашынан улам пайда болгон мамл. бирикме. Жети-Суу, Түн. Тянь-Шань аймагын­да түзүлүп, 940-ж. чейин жашаган. Карлуктар оболу Батыш Алтай, Кара Иртыш д-нан Бал­хаш көлүнө чейинки аймактарды мекендешип, 766-ж. Тараз м-н Суяб ш-н басып алышкан. На­тыйжада Кашкар, Фергана, Жети-Сууну куча­гына алган мамлекет түзүлгөн. Борбору башын­да Суяб болуп, кийин Иле боюна көчүрүлгөн. Мамлекет башчысы алгач жабгу, 840-жылдан кийин каган деп аталган. 8–10-к-да Балхаш м-н Ысык-Көлдүн, Иле м-н Талас өзөндөрүнүн бойлорун жердешкен. Тибеттиктер м-н союз түзүп, О. Азиядагы согду ж-а түрк урууларын колдоп, араб баскынчыларына каршы күрө­шүшкөн. 861-ж. Кашкарды каратып алышкан. 904-ж. К. м-нин аскери Мавереннахрга жортуул жасап, жеңилип калган. Караханид мамле­кетинин түзүлүшү м-н К. м-нин жашоосу ток­тогон.


Ад.: История Ат-Табари. Таш., 1987; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргыз­стана. Б., 1996; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2000; Сыздыков К. М. Кар­лык мамлекетинин тарыхы. А., 2000; Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана/ Сост. Жуманалиев Т. Т. 1. Б., 2007.