КАРКЫРА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАРКЫРА – Кырг-н м-н Казакстандын аймагы аркылуу аккан суу, Кеген суусунун сол куймасы. Тескей Ала-Тоонун капталынан башталып, түндүктү карай агат. Уз. 69 км, алабынын аянты 1790 км2. Жогорку бөлүгү Кырг-ндын аймагында кууш өрөөн аркылуу агып өтөт. Ортоңку бөлүгү – Кырг-н м-н Казакстандын чек арасы; төмөнкү бөлүгү түзөң, саздуу келет. Негизги куймалары: Көк-Жар, Турук, Чоң Жылаңач, Кур-Каркыра, Кичи Жылаңач, Ак-Каркыра, Жел-Каркыра ж. б. 140тан ашык майда куймасы, жалпы аянты 0,47 км2 келген 22 көлү бар. Жылдык орт. чыгымы 15,0 м3/сек. Эң көбү 107 м3/сек, эң азы 2,87 м3/сек. Апрелде кире баштап, октябрь–ноябрда тартылат. Сугатка пайдаланылат.