КАРИМОВ Абдукадыр: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАРИМОВ Абдукадыр (18. 03. 1955-ж. т., Ош обл., Кара-Суу р-ну, Отуз-Адыр айылы) – инженер-механик, техника илимд. доктору (2003), проф. (2006), 1978-ж. ФПИни бүтүргөн. Ошол эле жерде инженер, окутуучу, доцент, кафедра башчысы (1978–93), ЖАМУда доцент, проф., кафедра башчысы, сырттан окуу бөлүмүнүн проректору, окуу-методикалык башкармалыгынын директору (1993–2003), ОшТУда проф., мониторинг жана сапат департаментинин директору, декан (2003–05), 2005-жылдан ЖАМУда ил. иштер б-ча проректор, үзгүлтүксүз билим берүү ин-тунун директору. Машиналардын ж-а механизмдердин теориясы б-ча адис. 100дөн ашык ил. эмгектин, а. и. 1 монография, 12 окуу куралынын автору.
Эмг.: Безмуфтовые электромеханические прессы с механизмами переменной структуры. Б., 2001; Прикладная механика (курсовое проектирование). Ош, 2005; Теория механизмов машин (учебное пособие). Ош, 2004; Электромеханика (учебное пособие). Жалал- Абад, 2007.