КАРИБ ДЕҢИЗИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАРИ́Б ДЕҢИЗИ , К а р а и б д е ң и з и – Атлантика океанындагы жартылай туюк деңиз. Батышынан ж-а түштүгүнөн Борб. ж-а Түш. Америка, түн. ж-а чыгышынан Чоң ж-а Кичи Антил а. м-н чектешет. Юкатан кысыгы аркы­луу Мексика булуңу, Кичи ж-а Чоң Антил

Кариб деңизиндеги Гренада аралынын жээги.

а-ндагы көптөгөн кысыктар аркылуу Атлан­тика океаны, Панама аркылуу Тынч океан м-н туташат. Аянты 2777 миң км2, көлөмү 6745 км3. Эң терең жери 7090 м (Кайман кобу­лу). Жээктери тоо, ойдуңдуу; батышы ж-а Ан­тил а. тарабы коралл рифтери м-н курчалган. Булуңдары: Гондурас, Дарьен, Венесуэла. Ири аралдары: Куба, Гаити, Ямайка, Пуэрто-Рико. Суунун темп-расы кышында 25°С, жайында 29°С. Туздуулугу 36‰. Суткасына 2 жолу таш­кындайт (бийикт. 1 мге чейин). Балык карма­лат. Бермет чогултулат. К. д. – Панама аркы­луу Атлантика океанынын түн. бөлүгүндөгү порт­торду Тынч океандын порттору м-н байланыш­тырган кыска деңиз жолу. Негизги порттору: Маракайбо, Ла-Гуайра (Венесуэла), Барранки-

Канкун шаарынын курорттук зонасы. Мексика.

лья ж-а Картахена (Колумбия), Лимон (Коста- Рика), Колон (Панама), Санто-Доминго (Доми­ника Респ.), Сантьяго-де-Куба (Куба). Деңиз жэ­эктери – негизги рекреациялык зона, курорт­тору көп, пляждары жакшы.


Ад.: Залогин Б. С., Косарев А. Н. Моря. М., 1999.