КАРЕЛИЯ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАРЕ́ЛИЯ , К а р е л Р е с п у б л и к а с ы Россиянын Европа жак бөлүгүнүн түн.-батышында жайгашкан. Түн.-чыгышын Ак деңиз, түштүгүн Ладога ж-а Онега көлдөрү чулгайт. Батышынан Финляндия м-н чектешет. Аянты 180,5 миң км2. Калкы 693,2 миң (2008). Адм.-
айм. жактан 15 адм. районго, 13 шаарга, 11 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Петрозаводск ш.
Түн.-Батыш федерация округуна кирет. Мамл. башкаруу бийлигинин органдар системасы 1978-ж. кабыл алынган конституция тарабынан аныкталат.
К-нын аймагынын басымдуу бөлүгү Фенноскандиянын чыгышында, Балтика калканынын
чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Табияты көп жеринде калктын жашоосу үчүн орточо, түштүгүндө жагымдуу. Экол. абалы калк аз отурукташкан түн.-чыгыш бөлүгүндө салыштырмалуу канааттандырарлык, ө. ж-луу борборунда курч

мүнөздө. Жери дөңсөө-мореналуу келип, байыркы муз каптоонун издери даана байкалат. Балтика ж-а Ак деңиздердин таасиринен абасы нымдуу келип, саздар көп кездешет. Батышын ж-а түн.-батышын Маанселькя кырка тоосу (бийикт. 578 мге чейин) ээлейт. Дарыялары (27 миңден ашык; ирилери: Кемь, Выг ж. б.) Балтика ж-а Ак деңиздердин алаптарына кирет. Респ-да 60 миңден ашык көл (аймагынын 18%и) бар. Ирилери: Ладога, Онега. Климаты деңизден континенттикке өтмө. Кышы узак, бирок салыштырмалуу жумшак. Январдын орт.
темп-расы –9– –14°С, жайы кыска ж-а салкын,
темп-расы тез төмөндөп, нөшөрлөгөн жамгырлар жаайт. Июлдуку 14–16°С. Жылдык жаанчачыны 450 ммден 700 ммге чейин. Ийне жалбырактуу ж-а аралаш токой аймагынын 1/2
бөлүгүндө, көптөгөн дарыя, көлдөрү ж-а суу сактагычтары респ-нын аймагынын 23 %ин ээлейт. Кандалакша, Кивач ж-а Костомукша коруктары уюштурулган. Кен байлыктарынан темир, титан, ванадий, молибден, слюда, алмаз, курулуш материалдары казылып алынат. О. эле шунгит кенинин запасы табылган.
Калкынын негизин орустар (71,3%) түзөт, о. эле карелдер (11%), беларустар, финндер ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 4,4 киши. Динге ишенгендердин көпчүлүгү православныйлар, протестанттар да бар. Шаар калкы 75%. Ири шаарлары: Кондопога, Сегежа, Костомукша.
К-нын аймагы 9–12-к-дын башында Киев Русуна, 12-к-дан Новгород респ-на карап, 1478-ж. Орус мамлекетине кошулган. 1721-ж. аймагынын бир бөлүгүн (Карел мойногу, Түн. Ладога бою) шведдер басып алган. Кийинчерээк Россияга кайтарылган. 1920-ж. РСФСРдин курамында Карел эмгек коммунасы, 1923-ж. июлда Карел АССРи (1940-жылдын 31-мартынан 1956- жылдын 16-июлуна чейин СССРдин курамында Карел-Финн ССРи). 1991-жылдын ноябрынан Карел Республикасы.
К. Россияда өнүккөн токой ө. ж. комплекси (кагаздын 20%; кагаз каптардын 60%, 1-орун-
да; иштетилүүчү жыгачтын 6% ж-а целлюлозанын 7,3%, 5-орунда; тактай материалдардын 3,9%, 7-орунда; картондун 2,6%, 9-орунда), темир кенин казып алуу (10%) ж-а трактор
өндүрүшү м-н (30%ке жакын, токой даярдоочу)
айырмаланат. Аймактын дүң продукциясынын көлөмү 34041,4 млн рубль. Андагы ө. ж-дын үлүшү 41,4%, а. ч-ныкы 2,6%. Ө. ж-дын башкы тармактары: токой (ө. ж. түзүмүндөгү үлүшү 45,2%), кара металлургия (12,8%), тамак-аш
(12,3%), электр энергетика (14,1%), машина куруу (5,4%), түстүү металлургия (5%; алюминий
өндүрүшү). А. ч-га жарактуу жери 124,3 миң га (жер фондусунун 1%тен азы), анын 50%и айдоо. Тоют өсүмдүктөрү, картөшкө, жашылча айдалат. Сүт багытындагы мал чарбачылыгы
өнүккөн. Үй куштары багылат. Териси баалуу
айбанаттар асыралат. Балык кармалат. Автомобиль жолунун уз. 7873,8 км (анын 6673,8 кми асфальтталган), суу жолунуку 3500 км. Онега, Ладога көлдөрүндө, Беломор-Балтика каналында ж-а Ак деңизде кеме жүрөт. Ири порттору: Петрозаводск, Медвежьегорск, Кондопога, Сегежа, Беломорск. К-да Марс суусу (алгачкы орус курорту; 1719-жылдан) ж-а Сортавала курорттору бар. Жалпы билим берүүчү 290, кесиптик башталгыч (20) ж-а орто (17) билим берүүчү окуу жайлары, 14 мамл. ЖОЖ (филиалдары м-н), ил. борбор иштейт. Беш театр (а. и. муз., куурчак), филармония, 20дай музей (а. и. мамл. көркөм иск-во, край таануу ж. б.), 4 китепкана бар. «Кижи» мамл. тарыхый-арх-ралык ж-а этногр. музей-коругу Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.
Ад.: Карелия//Большая Российская Энциклопедия,
спец. том. Россия. М., 2004; Карелия//Большая Российская энциклопедия, Т. 12. М., 2009.
Т. М. Чодураев.