КАРДИОСТИМУЛЯЦИЯ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАРДИОСТИМУЛЯ́ЦИЯ – жүрөктүн кагуу ыргагынын бузулушун атайын прибор – кардиостимулятордун жардамы м-н дарылоо ыкмасы. Анын жүрөк кагуусун тездетүүчү ж-а жайлатуучу түрлөрү болуп, жүрөктүн ж-а тамырдын кагуу ыргагына жараша колдонулат. Кардиостимулятор 2 негизги бөлүктөн – жүрөк булчуңун (миокардды) иштетүүчү электроддон ж-а энергия булагынан турат. Прибор операция жолу м-н туруктуу стимулдоо үчүн электроддор – миокардга, электр булагы курсак, көкүрөк же колтук терисинин астына жайгаштырылат. Кийинки убакта электродду кол же моюн венасы аркылуу жүрөк көңдөйүнө (оң карынчага) орнотуу ыкмасы иштелип чыккан. Электроддун жайгашуусу рентгендик изилдөө м-н текшерилип турат. Аны бардык курактагы оорулууга коюуга болот. Бул операция кардиохирург. мекемелерде жүргүзүлөт. К. жүрөктүн кагуу ыргагы ж-а кан өткөрүүсү бузулганда ж-а диагностикалык максатта колдонулат.