ГЕОГРАФИЯ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |

| 13 сап: | 13 сап: | ||
== Географиянын Кыргызстанда өнүгүшү.== | == Географиянын Кыргызстанда өнүгүшү.== | ||
Орто Азиянын тоолуу бөлүгү, анын табияты, чарбасы | Орто Азиянын тоолуу бөлүгү, анын табияты, чарбасы жөнүндө батыш менен чыгыш элдери биздин замандын башталышына чейин эле кабардар болгон. Байыркы Иран («Авеста» ж. б.), Грекия, Рим (Геродот, Птолемей ж. б.) сыяктуу өлкөлөрдүн жазуу эстеликтери Теӊир-Тоо, Памир-Алайды мекендеген сак, усун ж. б. уруулар, алардын жери, кесиби ж. б. тууралуу алгачкы маалыматтарды берет. Орто кылымдарда Кыргызстандын жалпы аймагы жана анын айрым табигый бөлүктөрү (мисалы, Ысык-Көл), шаарлары, чарбасы, калкы, саясий кырдаалы ж. б. кыска, так баяндалат. 18-кылымдарда жана 19-кылымдын 1-жарымында географиялык маалыматтар көбөйүп, өлкөнүн жалпы абалын, негизги орогидрографиялык схемасын көрсөткөн карталар түзүлөт. Немис илимпоздору К. ''Риттер'' (1832, 1859) жана Л. ''Гумбольдт'' (1843) Теӊир-Тоо менен Болорду (Памир-Алай) мүнөздөп, Борбордук Азиянын географиясы боюнча биринчи жалпыланган илимий концепцияларды берүүгө аракет жасашкан. Өлкөнүн нукура илимий географиясы акыркы 100–120 жыл ичинде түзүлдү. Биринчи атайын илимий экспедициялык изилдөөлөр кыргыз жергесинде 1856-жылы (Ч. Ч. Валиханов, П. П. Семёнов) башталган. Кыргызстан аймагында алгачкы топографиялык ченөөлөрдү жана жер бетин картага түшүрүүлөрдү Ысык-Көлдүн чыгыш жээктеринде поручик Яновский (1856) жүргүзгөн. Кыргызстандын көп жерин кучагына алган ар түрдүү экспедициялык жана стационардык (1880–90-жылдардан тартып) изилдөөлөр өлкөнүн жаратылыш шарттарынын өзгөчөлүктөрүн жана айрым закон ченемдерин, калкынын курамын, чарбасынын багытын, өнүгүшүн көрсөттү. Теӊир-Тоо, Памир-Алай тоо системалары жөнүндөгү азыркы илимий түшүнүктөргө негиз салды. 19-кылымдын 2-жарымында атайын тармактык (топографиялык-геодезиялык, геологиялык, зоологиялык ж. б.) жана комплекстик мүнөздөгү изилдөөлөр өлкө менен таанышуу, маалымат чогултуу түрүндө болсо да, анын табиятынын ар бир түзүүчүлөрү жөнүндө маанилүү жалпылаган тыянактарга алып келди.
Кыргызстандын географиясын изилдөөгө чет өлкөлүк окумуштуулар (венгрлер Д. Алмаши жана Д. Принц, немистер Г. Мерцбахер жана М. Фридрихсен, америкалык В. М. Девис, чех Ф. Махачек ж. б.) жана жергиликтүү саякатчылар, өлкө таануучулар (А. М. Фетисов, Я. И. Корольков, О. Е. Неживов, А. А. Куценко, С. Абдыбеков ж. б.) да катышкан. Октябрь социалисттик революциясынан кийии географиялык изилдөөлөр кескин өнүгүп, табигый ресурстардын жайгашуу жана өзгөрүү закон ченемдерин үйрөнүүгө, коомдук өндүрүштү туура жайгаштырууга орчундуу салым кошту. Совет бийлигине чейин Кыргызстанда бир да илимий мекеме болгон эмес, жогорку билимдүү адистер жокко эсе эле. Азыр республикада атайын географиялык (Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын география бөлүмү, бийик тоолуу Теӊир-Тоо физикалык географиялык станциясы, КУУ, БМУ, КМУ, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад университеттеринин география багыттагы факультеттери, Борбордук Азия жер изилдөө институту ж. б.) жана географиялык багыттагы (гидрометеорология кызматынын башкармалыгы, Н. М. Пржевальскийдин мемориалдык музейи ж. б.) илимий, өндүрүштүк мекемелер, коллективдер ж. б. бар. Гидрометеорологиялык элементтерге көп сандаган пункттарда байкоо жүргүзүлөт. Өлкөнүн топурагын, өсүмдүктөрүн, эл чарбасын, калкын ж. б-ды географияга чектеш илимдер изилдейт. Кыргызстан Географиялык (1947) жана Табиятты коргоо (1967) коомдору иштейт. Улуттук жогорку деӊгээлдеги адис географтар өсүп чыкты. 1940-жылдарга чейин республиканын табигый ресурстарын изилдөө көбүнчө Москва, Ленинград жана Ташкендин адистеринин күчү менен жүргүзүлгөн. 1920–40-жылдарда СССР илимдер академиясынын жана Орто Азия университетинин экспедициялары Кыргызстандын географиясына зор салым кошту. 1948-жылы СССР иилмдер академиясынын География институту негиздеген физикалык географиялык станция (Тескей Ала-Тоодо) ушул багыттагы дүйнөдөгү бирден-бир атайын илимий мекеме болуп калды.
1943-жылы СССР илимдер академиясынын Кыргыз филиалы, 1951-жылы КМУ ачылгандан бери республиканын табиятын, калкын, чарбачылыгын изилдөө дээрлик жергиликтүү окумуштуулар менен адистердин колуна өттү. Акыркы ондогон жылдар ичинде география илими көрүнүктүү натыйжаларга жетишти. Табияттын компоненттери боюнча маанилүү изилдөөлөр жүргүзүлүп, алардын генезиси, түзүлүшү, өсүп-өнүгүүсү, географиясы ж. б. жөнүндө олуттуу тыянактар чыгарылды (С. С. Шульц, 1948; И. В. Выходцев, 1956; А. М. Мамытов, 1963; А. Т. Ильясов, 1969; С. Өмүрзаков, 1970 ж. б.). Бир катар колдонмо мүнөздөгү баалуу эмгектер түзүлдү (климаттык жана гидрологиялык маалымат жыйнактары, мөӊгүлөрдүн каталогдору ж. б.). Тармактык жана комплекстик изилдөөлөрдү жалпылаган өлкө таануу тибиндеги иштер («Бассейн реки Нарын», 1960; «Природа Киргизии», 1962; «Физическая география Тянь-Шаня», 1964 ж. б.) аткарылды. Экономикалык географиялык изилдөөлөр Кыргызстандын чарбачылыгынын бардык тармагына байланыштуу проблемаларды, маселелерди өз кучагына алды. Өнөр жайы, айыл чарбасы, табигый ресурстарды пайдалануу жана алардын экономикалык географиялык мааниси, транспорттук байланыштары ар тараптан мүнөздөлдү. Айыл чарбасын, өнөр жайды жана эл чарбачылыгын комплекстүү райондоштуруу проблемалары каралып, чечилди. Айрым өндүрүштүк аймактык комплекстердин чарбачылыгы, калкы, экономикалык географиялык проблемалары жана эл чарбачылыгынын өнүгүү тарыхы (1966) тереӊ талданды (М. М. Картавов, 1956; К. О. ''Оторбаев,'' 1957 ж. б.) жана бүткүл Кыргызстандын (С. Н. Рязанцев, 1946, 1951; С. Н. Рязанцев, В. Ф. Павленко, 1960; С. О. Орозалиев, 1968; Б. Ш. Чормонов, 1969 ж. б.). Республиканын жана анын региондорунун табиятын, калкын, чарбачылыгын камтыган өлкө таануу багытындагы жана энциклопедиялык эмгектер жарыкка чыкты (1959, 1970). Өлкөнүн тематикалык картографиясы да өнүгүүдө.
Геоморфологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында тоолуу рельефтин туруксуз типчелери, криогендик формалары, таш глетчерлеринин пайда болуу механизми, түзүлүш мүнөзү жана өнүгүүсү, бийик тоо көлдөрүнүн жээк процесстеринин динамикасы тууралуу бай материал топтолуп, талдоого алынды. Республиканын аймагында болуп туруучу кыйраткыч табигый кубулуштарды изилдөөгө көӊүл бурулуп келүүдө.
Кыргызстандын аймагында абанын жана топурак кыртышынын температурасынын мүнөздөмөлөрүнүн, жаан-чачындын жаашынын закон ченемдери аныкталды. Бийик тоо шартында курулуш иштерин ырааттуу жүргүзүүгө багытталган климатологиялык колдонмо изилдөөлөр аткарылды (О. А. Подрезов ж. б.).
Суу ресурстарынын аймактык-мезгилдик закон ченемдүүлүгү бардык жагдайдан изилденди, анын мүнөздөмөлөрүн эсептөө жана прогноздоо усулдары түзүлдү, пайдалануунун абалы, келечеги, айлана-чөйрөгө жана калктын жашоо-турмушуна тийгизген таасири изилденди, ырааттуу пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыкты. Көп жылдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бардык дарыяларынын алаптарынын суу балансы, шилендилердин пайда болуу закон ченемдүүлүктөрү жана алардын чарбачылыкка тийгизген таасири аныкталган. Кийинки жылдарда вегетациялык агымды изилдөө иштерине айрыкча көӊүл бурулуп, аларды прогноздоо жана эсептеп чыгуу усулдары иштелип чыгууда.
Суу ресурстарынын олуттуу бөлүгүн түзгөн мөӊгүлөрдүн жайгашуусу, алардын аянттарынын, көлөмдөрүнүн өзгөрүүсү изилденип, маалымат наамалар түзүлдү (С. К. Аламанов, А. Н. Диких, Д. М. Маматканов, М. А. Музакеев, Т. М. Чодураев, А. А. Эргешов ж. б.).
Табигый ресурстарын комплекстүү инвентарлаштыруунун жүрүшүндө 1:500 000 масштабдагы «Жаратылышты коргоо» (Э. К. Азыкова, Д. Шакирбеков), «Геоморфология» (Ш. Качаганов ж. б.) карталары түзүлдү.
Тармактык изилдөөлөр менен бирдикте Кыргызстандын географиясында да интеграциялык багыттагы изилдөөлөр жанданып, алар биринчи кезекте ландшафт таанууну камтыды. Кыргызстанда ландшафттык жана комплекстүү физикалык-географиялык ургаалдуу изилдөөлөр Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын география бөлүмү тарабынан Нарын дарыясынын жогорку агымында (50-жылдардын аягында), Алай кырка тоосунда (1973–75) жана Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталында (1976–80) жүзөгө ашырылды (С. Өмүрзаков, Э. К. Азыкова, С. Байгуттиев, К. Матикеев ж. б.).
Теӊир-Тоо аймагынын кичи масштабда (1:1500000) түзүлгөн ландшафттык картасы бул багыт боюнча белгилүү салым болуп калды. Ал Кыргызстандын комплекстүү илимий-маалымат наама атласы үчүн түзүлүп, мындан мурдагы бардык жетишкендиктердин топтому болду.
Республикада топонимикалык изилдөөлөрдү географтар да жүргүзүп келишүүдө. Бул багыттагы өтө маанилүү салым «Кыргыз ССРинин атласындагы» (1-том, 1987) «Топонимия» бөлүмү болуп саналат. Бул багытта республиканын географиялык аталыштарынын, түшүнүктөрүнүн түшүндүрмө сөздүктөрү (К. Конкобаев, Ө. Бараталиев ж. б.) «Орто Азиянын ономастикасы», «Кыргызстандын ономастикасы» ж. б. (С. Өмүрзаков, Т. Эшенкулов ж. б.) жарыкка чыкты.
Кыргызстандын географтарынын изилдөөлөрү 70тен ашык монографияларда, тематикалык жыйнактарда, брошюраларда, ондогон ар кыл масштабдагы карталарда жана жүздөгөн макалалар менен тезистерде чагылдырылып, алар эл аралык, бүткүл союздук жана республикалык басылмаларда жарык көрдү: «Кыргызстандын жаратылышы» (1962), «Нарын дарыясынын алабы» (1960), «Кыргыз ССРинин климаты» (1965), «Кыргызстан. Советтер Союзу сериясы» (1970), «Кыргызстандагы география илимдеринин өнүгүшү» (1980), «Кыргызстандын азыркы мезгилдеги географиясынын проблемалары» ж. б. «Кыргыз жергеси» (1989), «География» (1990), «Кыргызстан географиясы» (2004) деп аталган энциклопедиялык маалымат наамалар менен сөздүктөрдүн жарыкка чыгышы география илимине кошулган маанилүү салым болду. Акыркы 20 жыл ичинде географтар окуулуктардын жана илимий-популярдуу адабияттардын үстүндө жигердүү иштеди. Алардын көбү кыргыз тилинде жазылды.
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан тартып, картографиялык продукциялар менен камсыз болууда кыйынчылыкка туш болду. Ушундан улам республикадагы геодезия жана картография кызматы бул өксүктү толтуруу боюнча ар кандай масштабдагы туристтик, альпинисттик, ошондой эле ресурстардын жана саясий-административдик карталарды (1:1000000) даярдап, басып чыгарды. Жалпылоочу илимий эмгектердин ичинен бөтөнчө орунду «Кыргыз ССРинин атласы» ээлейт (1-тому 1987-ж. жарык көргөн). Бул көлөмдүү жана фундаменталдуу, илимий маалымат берүүчү эмгек ар кыл масштабдагы 199 картадан турат да, атайын тексттер менен жабдылып, республиканын табигый шарттарынын өзгөчөлүктөрүн, анын ресурстарын жана табигый ар түрдүүлүгүн чагылдырат. Атласты түзүүгө 43 илимий, өндүрүштүк мекемелердин жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышкан. Атлас боюнча илимий уюштуруучулук жана координациялоо иштери Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын геология институтунун География бөлүмүндө С. Ө. Өмүрзаков тарабынан жүргүзүлгөн. | ||

Ад.: ''Берг Л. С.'' Ландшафтно-географические зоны Советского Союза. Т. 1–2, М.; Л., 1947–52; ''Докучаев В. В.'' Соч. Т. 1–7. М.; Л., 1949–53; Американская география. Современное состояние и перспективы / Пер. с англ. М., 1957; ''Баранский Н. Н''. Экономическая география. Экономическая картография. 2 изд. М., 1960; Методы географических исследований / Сб. ст. М., 1960; ''Григорьев А. А.'' Закономерности строения и развития географической среды. М., 1966; ''Бунге В.,'' Теоретическая география /Пер. с англ. М., 1967; ''Герасимов И. П''. Преобразование природы и развитие географической науки в СССР. М., 1967; Физико-географическое районирование СССР. М., 1968; ''Исаченко А. Г.'' Развитие географических идей. М., 1971; ''Анучин В. А.'' Теоретические основы географии. М., 1972; ''Саушкин Ю. Г.'' Экономическая география: история, теория, методы, практика. М., 1973; ''Нееф Э''. Теоретические основы ландшафтоведения / Пер. с нем. М., 1974; ''Умурзаков С. У.'' Очерки по истории географических открытий и исследований Киргизии. Ф., 1959; ''Рязанцев С. Я., Павленко В. Ф''. Киргизская ССР. М., 1960; Русские путешественники и исследователи о киргизах. Ф., 1973; Киргизия (Серия «Советский Союз»). М., 1970; Природа Киргизии. Ф., 1962; Кыргыз Совет энциклопедиясы. 6 томдук. Ф., 1970–1983; «Кыргызстан Улуттук энциклопедиясы». I томдук. Б., 2004–2015; Атлас Киргизской ССР. М., 1987; Кыргыз жергеси. Энциклопедия. Б., 1990; ''Эргешов А. А., Музакеев М. А., Цигельная И. Д''. Водный баланс Кыргызстана. Б., 1992; ''Подрезов О. А.'' Горная метеорология и климатология. Б., 2000; Кыргызстан географиясы (энциклопедия). Б., 2004; ''Аламанов С. К., Акматов Р. Т.'' Кыргызстандын суу сактагычтары. Б., 2006; ''Чодураев Т. М.'' Взвешенные наносы рек Кыргызстана. Б., 2007; ''Аламанов С. К., Подрезов О. А.'' Изменение климата и водные проблемы Центральной Азии. М., 2006.
''С. Аламанов.'' |

''С. Аламанов.'' | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:02, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ГЕОГРА́ФИЯ (гео... жана ...графия) – табият жана коомдук илимдердин табигый жана өндүрүштүк аймактык комплекстерди, алардын компоненттерин изилдөөчү системасы. Географиянын илимий изилдөөлөрү табигый чөйрөнүн, анын компоненттеринин өнүгүсүнүн жана өзгөрүшүнүн аймактык жана мезгилдик закон ченемдүлүктөрүн аныктоого багытталып, практикалык сунуштары табигый ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, өндүрүштү рационалдуу жайгаштыруу жана адам жашоосу үчүн оӊтойлуу чөйрө түзүү максатын көздөйт.
ГЕОГРАФИЯЛЫК ИЛИМДЕРДИН СИСТЕМАСЫ ЖАНА ЧЕКТЕШ ИЛИМДЕР МЕНЕН БАЙЛАНЫШЫ.
География илимдеринин системасы баштапкы бирдиктүү географиянын өнүгүү жана тармактарга ажыроо процессинде пайда болгон.
Анын башкы тармактары: а) табигый же физикалык географиялык илимдер (физикалык география, жалпы жер таануу, палеогеография, геоморфология, климатология, кургактыктын гидрологиясы, океанология, гляциология, геокриология, топурак географиясы жана биогеография); б) коомдук географиялык илимдер (жалпы жана региондук экономикалык география, өнөр жай, айыл чарба, транспорт, калк географиясы, саясий география ж. б.); в) картография жана геодезия. Ар бир географиялык илим экспедициялык жана стационардык изилдөөлөрдүн маалыматтарына, ошолордун негизинде түзүлгөн карталарга таянат. Өзүнө таандык усулдардан тышкары, географиялык илимдер изилдөөлөрүндө математика, геофизика, геохимия, биология сыяктуу илимдердин ыкмаларын жана маалыматтарын пайдаланат. Экономикалык география болсо физикалык география жана саясий экономика, демография, социология, өнөр жай жана айыл чарба экономикасы ж. б. коомдук илимдер менен тыгыз байланышта. Табигый шарттар менен ресурстарды толук жана сарамжалдуу пайдалануу, өндүргүч күчтөрдүн өсүшү жана өндүрүштү ырааттуу жайгаштыруу, табиятты коргоо, калыбына келтирүү жана кайра куруу жаатында илимий негиздерди иштеп чыгуу – географиянын милдети.
Географиялык ой-пикирлердин өөрчүшүнүн негизги этаптары
(маанилүү географиялык саякаттар жана ачылыштар жөнүндө к. Географиялык ачылыштар макаласынан). География – эзелки илимдерден. Алгачкы географиялык маалыматтар кул ээлөөчүлүк доордогу чыгыш элдеринин жазмаларынан кезигет. Географиялык кубулуштарды жана процесстерди табигый-илимий көз карашта, бирок ой жүгүртүү, жогорку деӊгээлде түшүндүрүү биздин заманга чейин 6-кылымда башталып, илимде 2 географиялык багыт – жалпы жер таануу же физикалык география (негиздөөчү Аристотель) жана өлкө таануу (негиздөөчү Геродот) пайда болот. Ошол убакта Жердин формасы шарга окшош экендиги жана анын бети 5 жылуулук алкагына бөлүнөрү жөнүндөгү ойлор пайда болгон. Биздин заманга чейин 3–2-кылымдарда математикалык география негизделет. Александриялык грек Эратосфен өзүнүн «География» деген эмгегин жазып, Жер шарынын айланасынын узундугун 1-жолу дээрлик тактыкта аныктаган. Байыркы география Страбон менен Птолемейдин эмгектеринде (биздин замандын 1–2-кылымдары) биротоло негизделген. Страбон өлкө таануу багытын өөрчүтсө, Птолемей географиянын милдети карта түзүү деп санаган. Феодалдык Чыгышта (Кытай, Араб халифаты, Орто Азия, Иран) Европага караганда география илиминин өнүгүшү жогорку деӊгээлге көтөрүлүп калган: ар түрлүү аймактар, элдер, жолдор, саякаттар жөнүндө көп сандаган эмгектер жазылган; математикалык география өөрчүп, карталар түзүлгөн. Географиялык улуу ачылыштардан кийин география илим билимдин алдыӊкы тармактарына кошулат. Карталар, 16-кылымдын аягынан тартып атластар түзүлө баштайт. Географиялык ачылыштардын натыйжасында Жердин чондугу жана формасы, Дүйнөлүк океандын биримдиги, деӊиздик агымдар, туруктуу шамалдардын алкагы ж. б. аныкталып, бирок материктердин табияты али толук изилденген эмес. Географиялык улуу ачылыштардын илимий корутундулары голландиялык географ Б. Варениустун (1650) «География генералис…» деген эмгегинде жыйнакталган. Жердин негизги сфераларынын (литосфера, гидросфера, атмосфера) өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп, ал география «жер-суу шары» жөнүндөгү илим деген жыйынтыкка келет.
17-кылымдын 2-жарымы – 18-кылымдын 1-жарымында Жердин жаратылышын, андагы кубулуштардын, процесстердин себептерин, айрым өлкөлөрдүн табигый шарттарын изилдеп үйрөнүүгө көп көӊүл бурулат; Жердин ар кайсы бөлүктөрү картага түшүрүлүп, экономикалык география алгачкы кадамдарын жасайт. 18-кылымдын 2-жарымында атайын табигый-илимий экспедициялар уюштурулуп, айрым табиятчылар кубулуштардын бири-бири менен болгон байланыштарын үйрөнүүгө умтула баштайт. 19-кылымда географиянын өсүшүнө, анын илимий милдеттерин аныктоого немис географтары А. Гумбольдт менен К. Риттер чоӊ салым кошкон. Жердин табияты жөнүндөгү илимдеги түшүнүктөрдү талдап, А. Гумбольдт («Космос», 1845–62) Жер кубулуштарынын жалпы закон ченемдүүлүктөрүн жана ички байланыштарын изилдөө физикалык географиянын милдети деп эсептесе, анын замандашы К. Риттер жердин ар кайсы аймактарын, өзгөчө өлкөлөрдү бири-бири менен салыштырып мүнөздөөгө негиз салган. Гумбольдт географияны табигый илим катары түшүнсө, Риттер аны гуманитардык, өлкө таануу илими деп санаган.
География өз ичинен тарамдалып, анын түзүүчү бөлүктөрү өз алдынча өнүгө баштайт. 20-кылымдын башында Германияда өнүккөн хорологиялык багыт (Г. Гетнер) боюнча География табигый жана коомдук кубулуштарды камтыйт. Француз география мектеби (негиздөөчү П. Видаль де ла Блаш) 20-кылымдын башында өлкө таануу менен «адамдын географиясын» бийик деӊгээлге жеткирген.
Россияда 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында географияда бир катар жаӊы багыттар өнүккөн. В. Докучаев топурак таануу илимине негиз салып, комплекстик физикалык географиялык изилдөөлөрдүн негизинде табигый зоналар теориясын түзгөн. Бул идеянын таасиринен 20-кылымдын башында ландшафт (табигый аймактык комплекс) тууралуу түшүнүк такталып, анын географиялык изилдөөлөрдүн негизги объектиси экени аныкталат. З. Пассарге (Германия) табигый ландшафттын классификациясын жана анын морфологиялык бөлүнүш схемасын сунуш кылган.
СССР Илимдер академиясы 1920–30-жылдарда 22 млн км2 аянтты ээлеген зор өлкөнүн дээрлик бардык аймактарын изилдөө үчүн комплекстүү ири экспедицияларды уюштуруп, дүйнөлүк географиялык закон ченемдүүлүктөрдү аныктоого зор салым кошту. Геоморфология, гидрология, гляциология, геоботаника, климатология, топурак таануу, тоӊ таануу, палеогеография ж. б. тармактардын теориялык маселелерин изилдөө менен бирге комплекстик физикалык география жана экономикалык география проблемаларга, райондоштурууга көӊүл бурат; табигый чөйрөнүн физикалык географиясы компоненттеринин аймактык таралышынын закон ченемдүүлүктөрү изилденет. Ушул эле жылдары ландшафттарды алгачкы тереӊ изилдөөлөр башталып, ландшафт карталары түзүлөт. Өлкөнүн ар кайсы табигый аймактарында комплекстик жана компоненттик географиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн туруктуу лабораториялар уюштурулат. Физикалык географиянын теориялык изилдөөлөрү жалпы жер таануу (А. А. Григорьев) жана ландшафт таануу багытында жүргүзүлгөн. Океандар жана деӊиздер жөнүндө маанилүү эмгектер жарыкка чыккан.
Географиянын алдында турган проблемалардын комплекстүү мүнөзү жана татаалдыгы географияга ыкташкан жаӊы илим тармактарын (биогеоценология, ландшафт геохимиясы, медициналык география ж. б.) пайда кылды, аларга ылайыктуу жаӊы математикалык, геохимиялык ж. б. методдор, синтездөөчү, системалоочу ыктар өздөштүрүлдү.
Советтик физикалык географияда табигый географиялык комплекстер (геосистемалар) жөнүндөгү илимий түшүнүк калыптанды. Ал географиялык кабыктын түзүлүшүн жана өнүгүү закон ченемдерин (жалпы физикалык география) жана анын аймактык бөлүнүшүн, морфологиялык түзүлүшүн ж. б. маселелерди (ландшафт таануу) изилдеди; ири физикалык-географиялык региондорду изилдеп, алардын комплекстүү мүнөздөмөлөрүн түздү (мисалы, «СССРдин табигый шарттары жана жаратылыш ресурстары» жөнүндөгү 15 томдон турган серия).
Экономикалык география жалпы теория менен бирге СССРдин экономикалык райондорунун калыптаныш маселелерин изилдеп, райондук жана тармактык багыттарда маанилүү иштерди аткарып, алар боюнча жалпыланган экономикалык-географиялык мүнөздөмөлөрдү иштеп чыкты (өнөр жай, транспорт, айыл чарба, калк, шаар ж. б.), табигый шарттардын жана ресурстардын чарбалык маанисин изилдеп, аларды сарамжалдуу пайдалануу жолдорун сунуштады. Советтик экономикалык география башка өлкөлөрдү изилдөөгө да зор салым кошту.
География тарыхын жана тарыхый географиянын проблемаларын изилдөө принциптери иштелип чыкты. Советтик картографиянын география менен тыгыз байланышы алардын тез өнүгүшүнө шарт түздү. Кийинки жылдарда тематикалык жана комплекстик картография зор кадам жасады, көп сандаган атайын мазмундуу карталар менен атластар, комплекстик атластар түзүлдү. Советтик география акыркы учурунда экспериментке таянган, бузулган табигый чөйрөнү кайра калыбына келтирүүгө умтулган, башкача айтканда конструкциялуу мүнөздөгү илимге айлана баштаган. Ал табият менен коомдун өз ара мамилелерин жалпылоочу жана жакшыртуучу илимий проблемаларды изилдөөдө орчундуу ийгиликтерге ээ болгон. Советтик географиянын теориялык жана практикалык нуктагы жетишкендиктери башка өлкөлөрдүн географиялык изилдөөлөрүндө пайдаланылууда.
Географиянын башка өлкөлөрдөгү абалы.
Дүйнөлүк экономиканын антагонисттик, стихиялык мүнөздө өсүшү, өнүккөн мамлекеттердин дүйнөлүк табигый ресурстарды ысырапкорлук менен пайдаланышы айлана-чөйрөнүн глобалдык масштабдагы булганышына алып келди. Ушунун негизинде коомчулуктун ичинде пайда болгон карама-каршылыктар мамлекеттик бийликтерди жана монополияларды тийиштүү чара көрүүгө мажбур кылып, АКШ, Канада, Улуу Британия, Германия, Япония ж. б. айрым өлкөлөрдө өкмөттүк мекемелер жана жеке фирмалар географтарды айрым маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө тартышат. Географиялык изилдөөлөр аспап-жабдыктар менен өлчөө-ченөө аркылуу алынган маалыматтардын негизинде, көбүнчө колдонмо мүнөздө жана чакан аймактык кызыкчылыкта жүргүзүлөт. Көп өлкөлөрдө (айрыкча АКШда) хорологиялык концепция басымдуулук кылат. Бул багыттын идеологдору (Р. Хартшорн, П. Жеймс, Д. Уиттси ж. б.) географиянын жеке өзү изилдей турган объектиси жок, аны физикалык география ж-а экономикалык географияга бөлүү туура болбойт, География тармактарга ажыратылгыс бир бүтүн илим дешет. Экинчи бирөөлөр географиянын изилдөөчү объектиси Жердин кабыгы, же Геосфера, же ландшафт дейт. Батыш европалык изилдөөчүлөр ландшафттын экологиясына өзгөчө көӊүл бурат.
Маанилүү геологиялык коомдор жана мекемелер.
Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн географтарынын көпчүлүгү эл аралык География союзуна (1922) бириккен, ал ар бир 4 жылда эл аралык Географиялык конгресс өткөрөт. Дүйнөлүк жана региондук деӊгээлдеги мааниси бар география уюмдары: Орус Географиялык коому, Россия Федерациясынын илимдер академиясынын География институту, КМШ илимдер академияларынын география институттары, бөлүмдөрү, университеттердин география факультеттери, Улуу Британия королдугунун География коому, Канаданын королдук География коому, АКШ Улуттук География коому, Париж География коому ж. б.
Географиянын Кыргызстанда өнүгүшү.
Орто Азиянын тоолуу бөлүгү, анын табияты, чарбасы жөнүндө батыш менен чыгыш элдери биздин замандын башталышына чейин эле кабардар болгон. Байыркы Иран («Авеста» ж. б.), Грекия, Рим (Геродот, Птолемей ж. б.) сыяктуу өлкөлөрдүн жазуу эстеликтери Теӊир-Тоо, Памир-Алайды мекендеген сак, усун ж. б. уруулар, алардын жери, кесиби ж. б. тууралуу алгачкы маалыматтарды берет. Орто кылымдарда Кыргызстандын жалпы аймагы жана анын айрым табигый бөлүктөрү (мисалы, Ысык-Көл), шаарлары, чарбасы, калкы, саясий кырдаалы ж. б. кыска, так баяндалат. 18-кылымдарда жана 19-кылымдын 1-жарымында географиялык маалыматтар көбөйүп, өлкөнүн жалпы абалын, негизги орогидрографиялык схемасын көрсөткөн карталар түзүлөт. Немис илимпоздору К. Риттер (1832, 1859) жана Л. Гумбольдт (1843) Теӊир-Тоо менен Болорду (Памир-Алай) мүнөздөп, Борбордук Азиянын географиясы боюнча биринчи жалпыланган илимий концепцияларды берүүгө аракет жасашкан. Өлкөнүн нукура илимий географиясы акыркы 100–120 жыл ичинде түзүлдү. Биринчи атайын илимий экспедициялык изилдөөлөр кыргыз жергесинде 1856-жылы (Ч. Ч. Валиханов, П. П. Семёнов) башталган. Кыргызстан аймагында алгачкы топографиялык ченөөлөрдү жана жер бетин картага түшүрүүлөрдү Ысык-Көлдүн чыгыш жээктеринде поручик Яновский (1856) жүргүзгөн. Кыргызстандын көп жерин кучагына алган ар түрдүү экспедициялык жана стационардык (1880–90-жылдардан тартып) изилдөөлөр өлкөнүн жаратылыш шарттарынын өзгөчөлүктөрүн жана айрым закон ченемдерин, калкынын курамын, чарбасынын багытын, өнүгүшүн көрсөттү. Теӊир-Тоо, Памир-Алай тоо системалары жөнүндөгү азыркы илимий түшүнүктөргө негиз салды. 19-кылымдын 2-жарымында атайын тармактык (топографиялык-геодезиялык, геологиялык, зоологиялык ж. б.) жана комплекстик мүнөздөгү изилдөөлөр өлкө менен таанышуу, маалымат чогултуу түрүндө болсо да, анын табиятынын ар бир түзүүчүлөрү жөнүндө маанилүү жалпылаган тыянактарга алып келди.
Кыргызстандын географиясын изилдөөгө чет өлкөлүк окумуштуулар (венгрлер Д. Алмаши жана Д. Принц, немистер Г. Мерцбахер жана М. Фридрихсен, америкалык В. М. Девис, чех Ф. Махачек ж. б.) жана жергиликтүү саякатчылар, өлкө таануучулар (А. М. Фетисов, Я. И. Корольков, О. Е. Неживов, А. А. Куценко, С. Абдыбеков ж. б.) да катышкан. Октябрь социалисттик революциясынан кийии географиялык изилдөөлөр кескин өнүгүп, табигый ресурстардын жайгашуу жана өзгөрүү закон ченемдерин үйрөнүүгө, коомдук өндүрүштү туура жайгаштырууга орчундуу салым кошту. Совет бийлигине чейин Кыргызстанда бир да илимий мекеме болгон эмес, жогорку билимдүү адистер жокко эсе эле. Азыр республикада атайын географиялык (Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын география бөлүмү, бийик тоолуу Теӊир-Тоо физикалык географиялык станциясы, КУУ, БМУ, КМУ, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад университеттеринин география багыттагы факультеттери, Борбордук Азия жер изилдөө институту ж. б.) жана географиялык багыттагы (гидрометеорология кызматынын башкармалыгы, Н. М. Пржевальскийдин мемориалдык музейи ж. б.) илимий, өндүрүштүк мекемелер, коллективдер ж. б. бар. Гидрометеорологиялык элементтерге көп сандаган пункттарда байкоо жүргүзүлөт. Өлкөнүн топурагын, өсүмдүктөрүн, эл чарбасын, калкын ж. б-ды географияга чектеш илимдер изилдейт. Кыргызстан Географиялык (1947) жана Табиятты коргоо (1967) коомдору иштейт. Улуттук жогорку деӊгээлдеги адис географтар өсүп чыкты. 1940-жылдарга чейин республиканын табигый ресурстарын изилдөө көбүнчө Москва, Ленинград жана Ташкендин адистеринин күчү менен жүргүзүлгөн. 1920–40-жылдарда СССР илимдер академиясынын жана Орто Азия университетинин экспедициялары Кыргызстандын географиясына зор салым кошту. 1948-жылы СССР иилмдер академиясынын География институту негиздеген физикалык географиялык станция (Тескей Ала-Тоодо) ушул багыттагы дүйнөдөгү бирден-бир атайын илимий мекеме болуп калды.
1943-жылы СССР илимдер академиясынын Кыргыз филиалы, 1951-жылы КМУ ачылгандан бери республиканын табиятын, калкын, чарбачылыгын изилдөө дээрлик жергиликтүү окумуштуулар менен адистердин колуна өттү. Акыркы ондогон жылдар ичинде география илими көрүнүктүү натыйжаларга жетишти. Табияттын компоненттери боюнча маанилүү изилдөөлөр жүргүзүлүп, алардын генезиси, түзүлүшү, өсүп-өнүгүүсү, географиясы ж. б. жөнүндө олуттуу тыянактар чыгарылды (С. С. Шульц, 1948; И. В. Выходцев, 1956; А. М. Мамытов, 1963; А. Т. Ильясов, 1969; С. Өмүрзаков, 1970 ж. б.). Бир катар колдонмо мүнөздөгү баалуу эмгектер түзүлдү (климаттык жана гидрологиялык маалымат жыйнактары, мөӊгүлөрдүн каталогдору ж. б.). Тармактык жана комплекстик изилдөөлөрдү жалпылаган өлкө таануу тибиндеги иштер («Бассейн реки Нарын», 1960; «Природа Киргизии», 1962; «Физическая география Тянь-Шаня», 1964 ж. б.) аткарылды. Экономикалык географиялык изилдөөлөр Кыргызстандын чарбачылыгынын бардык тармагына байланыштуу проблемаларды, маселелерди өз кучагына алды. Өнөр жайы, айыл чарбасы, табигый ресурстарды пайдалануу жана алардын экономикалык географиялык мааниси, транспорттук байланыштары ар тараптан мүнөздөлдү. Айыл чарбасын, өнөр жайды жана эл чарбачылыгын комплекстүү райондоштуруу проблемалары каралып, чечилди. Айрым өндүрүштүк аймактык комплекстердин чарбачылыгы, калкы, экономикалык географиялык проблемалары жана эл чарбачылыгынын өнүгүү тарыхы (1966) тереӊ талданды (М. М. Картавов, 1956; К. О. Оторбаев, 1957 ж. б.) жана бүткүл Кыргызстандын (С. Н. Рязанцев, 1946, 1951; С. Н. Рязанцев, В. Ф. Павленко, 1960; С. О. Орозалиев, 1968; Б. Ш. Чормонов, 1969 ж. б.). Республиканын жана анын региондорунун табиятын, калкын, чарбачылыгын камтыган өлкө таануу багытындагы жана энциклопедиялык эмгектер жарыкка чыкты (1959, 1970). Өлкөнүн тематикалык картографиясы да өнүгүүдө.
Геоморфологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында тоолуу рельефтин туруксуз типчелери, криогендик формалары, таш глетчерлеринин пайда болуу механизми, түзүлүш мүнөзү жана өнүгүүсү, бийик тоо көлдөрүнүн жээк процесстеринин динамикасы тууралуу бай материал топтолуп, талдоого алынды. Республиканын аймагында болуп туруучу кыйраткыч табигый кубулуштарды изилдөөгө көӊүл бурулуп келүүдө.
Кыргызстандын аймагында абанын жана топурак кыртышынын температурасынын мүнөздөмөлөрүнүн, жаан-чачындын жаашынын закон ченемдери аныкталды. Бийик тоо шартында курулуш иштерин ырааттуу жүргүзүүгө багытталган климатологиялык колдонмо изилдөөлөр аткарылды (О. А. Подрезов ж. б.).
Суу ресурстарынын аймактык-мезгилдик закон ченемдүүлүгү бардык жагдайдан изилденди, анын мүнөздөмөлөрүн эсептөө жана прогноздоо усулдары түзүлдү, пайдалануунун абалы, келечеги, айлана-чөйрөгө жана калктын жашоо-турмушуна тийгизген таасири изилденди, ырааттуу пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыкты. Көп жылдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бардык дарыяларынын алаптарынын суу балансы, шилендилердин пайда болуу закон ченемдүүлүктөрү жана алардын чарбачылыкка тийгизген таасири аныкталган. Кийинки жылдарда вегетациялык агымды изилдөө иштерине айрыкча көӊүл бурулуп, аларды прогноздоо жана эсептеп чыгуу усулдары иштелип чыгууда.
Суу ресурстарынын олуттуу бөлүгүн түзгөн мөӊгүлөрдүн жайгашуусу, алардын аянттарынын, көлөмдөрүнүн өзгөрүүсү изилденип, маалымат наамалар түзүлдү (С. К. Аламанов, А. Н. Диких, Д. М. Маматканов, М. А. Музакеев, Т. М. Чодураев, А. А. Эргешов ж. б.).
Табигый ресурстарын комплекстүү инвентарлаштыруунун жүрүшүндө 1:500 000 масштабдагы «Жаратылышты коргоо» (Э. К. Азыкова, Д. Шакирбеков), «Геоморфология» (Ш. Качаганов ж. б.) карталары түзүлдү.
Тармактык изилдөөлөр менен бирдикте Кыргызстандын географиясында да интеграциялык багыттагы изилдөөлөр жанданып, алар биринчи кезекте ландшафт таанууну камтыды. Кыргызстанда ландшафттык жана комплекстүү физикалык-географиялык ургаалдуу изилдөөлөр Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын география бөлүмү тарабынан Нарын дарыясынын жогорку агымында (50-жылдардын аягында), Алай кырка тоосунда (1973–75) жана Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталында (1976–80) жүзөгө ашырылды (С. Өмүрзаков, Э. К. Азыкова, С. Байгуттиев, К. Матикеев ж. б.).
Теӊир-Тоо аймагынын кичи масштабда (1:1500000) түзүлгөн ландшафттык картасы бул багыт боюнча белгилүү салым болуп калды. Ал Кыргызстандын комплекстүү илимий-маалымат наама атласы үчүн түзүлүп, мындан мурдагы бардык жетишкендиктердин топтому болду.
Республикада топонимикалык изилдөөлөрдү географтар да жүргүзүп келишүүдө. Бул багыттагы өтө маанилүү салым «Кыргыз ССРинин атласындагы» (1-том, 1987) «Топонимия» бөлүмү болуп саналат. Бул багытта республиканын географиялык аталыштарынын, түшүнүктөрүнүн түшүндүрмө сөздүктөрү (К. Конкобаев, Ө. Бараталиев ж. б.) «Орто Азиянын ономастикасы», «Кыргызстандын ономастикасы» ж. б. (С. Өмүрзаков, Т. Эшенкулов ж. б.) жарыкка чыкты.
Кыргызстандын географтарынын изилдөөлөрү 70тен ашык монографияларда, тематикалык жыйнактарда, брошюраларда, ондогон ар кыл масштабдагы карталарда жана жүздөгөн макалалар менен тезистерде чагылдырылып, алар эл аралык, бүткүл союздук жана республикалык басылмаларда жарык көрдү: «Кыргызстандын жаратылышы» (1962), «Нарын дарыясынын алабы» (1960), «Кыргыз ССРинин климаты» (1965), «Кыргызстан. Советтер Союзу сериясы» (1970), «Кыргызстандагы география илимдеринин өнүгүшү» (1980), «Кыргызстандын азыркы мезгилдеги географиясынын проблемалары» ж. б. «Кыргыз жергеси» (1989), «География» (1990), «Кыргызстан географиясы» (2004) деп аталган энциклопедиялык маалымат наамалар менен сөздүктөрдүн жарыкка чыгышы география илимине кошулган маанилүү салым болду. Акыркы 20 жыл ичинде географтар окуулуктардын жана илимий-популярдуу адабияттардын үстүндө жигердүү иштеди. Алардын көбү кыргыз тилинде жазылды.
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан тартып, картографиялык продукциялар менен камсыз болууда кыйынчылыкка туш болду. Ушундан улам республикадагы геодезия жана картография кызматы бул өксүктү толтуруу боюнча ар кандай масштабдагы туристтик, альпинисттик, ошондой эле ресурстардын жана саясий-административдик карталарды (1:1000000) даярдап, басып чыгарды. Жалпылоочу илимий эмгектердин ичинен бөтөнчө орунду «Кыргыз ССРинин атласы» ээлейт (1-тому 1987-ж. жарык көргөн). Бул көлөмдүү жана фундаменталдуу, илимий маалымат берүүчү эмгек ар кыл масштабдагы 199 картадан турат да, атайын тексттер менен жабдылып, республиканын табигый шарттарынын өзгөчөлүктөрүн, анын ресурстарын жана табигый ар түрдүүлүгүн чагылдырат. Атласты түзүүгө 43 илимий, өндүрүштүк мекемелердин жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышкан. Атлас боюнча илимий уюштуруучулук жана координациялоо иштери Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын геология институтунун География бөлүмүндө С. Ө. Өмүрзаков тарабынан жүргүзүлгөн.
Ад.: Берг Л. С. Ландшафтно-географические зоны Советского Союза. Т. 1–2, М.; Л., 1947–52; Докучаев В. В. Соч. Т. 1–7. М.; Л., 1949–53; Американская география. Современное состояние и перспективы / Пер. с англ. М., 1957; Баранский Н. Н. Экономическая география. Экономическая картография. 2 изд. М., 1960; Методы географических исследований / Сб. ст. М., 1960; Григорьев А. А. Закономерности строения и развития географической среды. М., 1966; Бунге В., Теоретическая география /Пер. с англ. М., 1967; Герасимов И. П. Преобразование природы и развитие географической науки в СССР. М., 1967; Физико-географическое районирование СССР. М., 1968; Исаченко А. Г. Развитие географических идей. М., 1971; Анучин В. А. Теоретические основы географии. М., 1972; Саушкин Ю. Г. Экономическая география: история, теория, методы, практика. М., 1973; Нееф Э. Теоретические основы ландшафтоведения / Пер. с нем. М., 1974; Умурзаков С. У. Очерки по истории географических открытий и исследований Киргизии. Ф., 1959; Рязанцев С. Я., Павленко В. Ф. Киргизская ССР. М., 1960; Русские путешественники и исследователи о киргизах. Ф., 1973; Киргизия (Серия «Советский Союз»). М., 1970; Природа Киргизии. Ф., 1962; Кыргыз Совет энциклопедиясы. 6 томдук. Ф., 1970–1983; «Кыргызстан Улуттук энциклопедиясы». I томдук. Б., 2004–2015; Атлас Киргизской ССР. М., 1987; Кыргыз жергеси. Энциклопедия. Б., 1990; Эргешов А. А., Музакеев М. А., Цигельная И. Д. Водный баланс Кыргызстана. Б., 1992; Подрезов О. А. Горная метеорология и климатология. Б., 2000; Кыргызстан географиясы (энциклопедия). Б., 2004; Аламанов С. К., Акматов Р. Т. Кыргызстандын суу сактагычтары. Б., 2006; Чодураев Т. М. Взвешенные наносы рек Кыргызстана. Б., 2007; Аламанов С. К., Подрезов О. А. Изменение климата и водные проблемы Центральной Азии. М., 2006.
С. Аламанов.