КАГАЗ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАГАЗ</b> – өсүмдүктөрдүн хим. ж-а мех. жол м-н алдын ала иштетилген майда буласынан жа&shy;салган жука материал. К. жасоодо түрдүү жы&shy;гачтан ж-а бир жылдык өсүмдүктөрдөн алын&shy;ган целлюлоза ж-а жыгач массалары пайдала&shy;нылат. К-дын түрүнө жараша өсүмдүк булала&shy;рына анын өңүн агартуучу, жылмакай ж-а жак&shy;шы басылуучу касиет бере турган, сыя жайылт&shy;пас, бышыктыгын ж-а тыгыздыгын арттыруу&shy;чу ар кандай минерал заттардан (каолин, тальк
<b type='title'>КАГАЗ</b> – өсүмдүктөрдүн химиялык ж-а механикалык жол м-н алдын ала иштетилген майда буласынан жа&shy;салган жука материал. Кагаз жасоодо түрдүү жы&shy;гачтан ж-а бир жылдык өсүмдүктөрдөн алын&shy;ган целлюлоза ж-а жыгач массалары пайдала&shy;нылат. Кагаздын түрүнө жараша өсүмдүк булала&shy;рына анын өңүн агартуучу, жылмакай ж-а жак&shy;шы басылуучу касиет бере турган, сыя жайылт&shy;пас, бышыктыгын ж-а тыгыздыгын арттыруу&shy;чу ар кандай минерал заттардан (каолин, тальк ж. б.) турган кошумчалар, өңүн өзгөртүүчү боёк&shy;тор аралаштырылат. Кээ бир учурда Кагаз м-н кар&shy;тон пайдаланылышы боюнча жеңил ж-а жыгач иштетүү, айнек өнөр жайынын продукциялары м-н тең тайлаша алат. Кагаз биринчи жолу 2-кылымда Кы&shy;тайда, 6-кылымдан Япония, Корея, Индия ж. б. Азия өлкөлөрүнө, 10-кылымдан баштап Европага, Россияга тараган. Кагаз жасоо айрыкча 15–16-кылымдарда китеп басып чыгаруу пайда болгондон кийин өнүккөн. Азыр кагаздын 600дөн ашык түрү (ватман, каль&shy;ка, көчүрүүчү кагаз ж. б.) белгилүү. Басма кагазы төмөнкү класстарга бөлүнөт: басуу ыкмасына жараша – жогорку басма, офсеттик басма, терең басма; бетине жараша – жалтырак, күңүрт, жибек сымал ж. б.; арналышы боюнча – газета, китеп, журнал, иллюстрация, этикетка кагазы ж. б.; чыккан формасына жараша барактуу ж-а рулондуу. Кагаз басылуучу продукцияга жара&shy;ша тандалат. Көлөмдүү басылмаларды (сөздүк, маалыматтама, энциклопедия ж. б.) басууда жука, бышык ж-а тыгыз кагаз (30–45 <i>г/м</i><sup>2</sup>) пайда&shy;ланылат. Ошондой эле кагаз жазуу (почталык, конверт&shy;тик, дептерлик кагаз), кооздук – декоративдик (бархат, тери ж. б-дын астына кетүүчү), каптоо (обойлук), чийүү, тартуу (ватман, калька ж. б.), өндүрүш техникасында (патрондук, наждак, катмарлоо, жасалгалоо), жарык сезгич (сүрөт чыгарууда), электр изоляциялоочу (конденсатор&shy;дук, кабелдик), санитардык-гигиеналык максатта ж. б. болуп бөлүнөт. Ал эми картографиялык продукция&shy;лар, акча, документтер, кино экраны ж. б-да өзгөчө катуу ж-а жыртылбаган синтездик кагаз кол&shy;донулат. Кагаздын 1 <i>м</i><sup>2</sup>деги массасы (4–250 <i>г</i>), ка&shy;лыңдыгы (4 <i>мм</i>ден 400 <i>мкм</i>ге); механикалык касиеттери (үзүлүшү, сынышы, сүрүлүүсү, тыгыздыгы, орол&shy;гучтугу ж. б.), нымдалышы, түсү, актыгы, жыл&shy;макайлыгы, ным сиңиргичтиги, аба, суу, май өткөрбөстүгү ж-а диэлектрик касиеттери м-н
ж. б.) турган кошумчалар, өңүн өзгөртүүчү боёк&shy;тор аралаштырылат. Кээ бир учурда К. м-н кар&shy;тон пайдаланылышы б-ча жеңил ж-а жыгач иштетүү, айнек ө. ж-нын продукциялары м-н тең тайлаша алат. К. биринчи жолу 2-к-да Кы&shy;тайда, 6-к-дан Япония, Корея, Индия ж. б. Азия
мүнөздөлөт. Кагаздын бул касиеттери була мате&shy;риалдарын ж-а аларды майдалоо жолун тан&shy;дап алуу, кагаз жасалчу массага ар түрдүү ко&shy;шулмаларды кошуу ж-а куюу режимин сактоо, Кагаз тилкесин ныктоо ж-а кургатуу, бетин жыл&shy;малоо, аягында анын сапатын жакшыртуучу кошумча заттар м-н иштетүү аркылуу жетиши&shy;лет (к. <i>Кагаз машинасы</i>). Кагаз өтө кеңири колдо&shy;нулган чөйрө – полиграфия өндүрүшү.
өлкөлөрүнө, 10-к-дан баштап Европага, Россияга тараган. К. жасоо айрыкча 15–16-к-да китеп басып чыгаруу пайда болгондон кийин өнүккөн. Азыр К-дын 600дөн ашык түрү (ватман, каль&shy;ка, көчүрүүчү К. ж. б.) белгилүү. Басма К-ы төмөнкү класстарга бөлүнөт: басуу ыкмасына жараша – жогорку басма, офсеттик басма, терең басма; бетине жараша – жалтырак, күңүрт, жибек сымал ж. б.; арналышы б-ча – газета, китеп, журнал, иллюстрация, этикетка К-ы ж. б.; чыккан формасына жараша барактуу ж-а рулондуу. К. басылуучу продукцияга жара&shy;ша тандалат. Көлөмдүү басылмаларды (сөздүк, маалыматтама, энциклопедия ж. б.) басууда жука, бышык ж-а тыгыз К. (30–45 <i>г/м</i><sup>2</sup>) пайда&shy;ланылат. О. эле К. жазуу (почталык, конверт&shy;тик, дептерлик К.), кооздук – декоративдик (бархат, тери ж. б-дын астына кетүүчү), каптоо (обойлук), чийүү, тартуу (ватман, калька ж. б.),
өндүрүш техникасында (патрондук, наждак,
катмарлоо, жасалгалоо), жарык сезгич (сүрөт
чыгарууда), электр изоляциялоочу (конденсатор&shy;дук, кабелдик), санит.-гигиеналык максатта ж. б. болуп бөлүнөт. Ал эми картогр. продукция&shy;лар, акча, документтер, кино экраны ж. б-да
өзгөчө катуу ж-а жыртылбаган синтездик К. кол&shy;донулат. К-дын 1 <i>м</i><sup>2</sup>деги массасы (4–250 <i>г</i>), ка&shy;лыңдыгы (4 <i>мм</i>ден 400 <i>мкм</i>ге); мех. касиеттери (үзүлүшү, сынышы, сүрүлүүсү, тыгыздыгы, орол&shy;гучтугу ж. б.), нымдалышы, түсү, актыгы, жыл&shy;макайлыгы, ным сиңиргичтиги, аба, суу, май
өткөрбөстүгү ж-а диэлектрик касиеттери м-н
мүнөздөлөт. К-дын бул касиеттери була мате&shy;риалдарын ж-а аларды майдалоо жолун тан&shy;дап алуу, кагаз жасалчу массага ар түрдүү ко&shy;шулмаларды кошуу ж-а куюу режимин сактоо, К. тилкесин ныктоо ж-а кургатуу, бетин жыл&shy;малоо, аягында анын сапатын жакшыртуучу кошумча заттар м-н иштетүү аркылуу жетиши&shy;лет (к. <i>Кагаз машинасы</i>). К. өтө кеңири колдо&shy;нулган чөйрө – полиграфия өндүрүшү.


 
Ад.: <i>Примаков С. Ф., Барбаш В. А., Шутько А. П.</i> Технология бумаги и картона. М., 1996.
Ад.: <i>Примаков С. Ф., Барбаш В. А., Шутько А. П.</i>
Технология бумаги и картона. М., 1996.
[[Категория:3-том, 673-784 бб]]
[[Категория:3-том, 673-784 бб]]

03:47, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

КАГАЗ – өсүмдүктөрдүн химиялык ж-а механикалык жол м-н алдын ала иштетилген майда буласынан жа­салган жука материал. Кагаз жасоодо түрдүү жы­гачтан ж-а бир жылдык өсүмдүктөрдөн алын­ган целлюлоза ж-а жыгач массалары пайдала­нылат. Кагаздын түрүнө жараша өсүмдүк булала­рына анын өңүн агартуучу, жылмакай ж-а жак­шы басылуучу касиет бере турган, сыя жайылт­пас, бышыктыгын ж-а тыгыздыгын арттыруу­чу ар кандай минерал заттардан (каолин, тальк ж. б.) турган кошумчалар, өңүн өзгөртүүчү боёк­тор аралаштырылат. Кээ бир учурда Кагаз м-н кар­тон пайдаланылышы боюнча жеңил ж-а жыгач иштетүү, айнек өнөр жайынын продукциялары м-н тең тайлаша алат. Кагаз биринчи жолу 2-кылымда Кы­тайда, 6-кылымдан Япония, Корея, Индия ж. б. Азия өлкөлөрүнө, 10-кылымдан баштап Европага, Россияга тараган. Кагаз жасоо айрыкча 15–16-кылымдарда китеп басып чыгаруу пайда болгондон кийин өнүккөн. Азыр кагаздын 600дөн ашык түрү (ватман, каль­ка, көчүрүүчү кагаз ж. б.) белгилүү. Басма кагазы төмөнкү класстарга бөлүнөт: басуу ыкмасына жараша – жогорку басма, офсеттик басма, терең басма; бетине жараша – жалтырак, күңүрт, жибек сымал ж. б.; арналышы боюнча – газета, китеп, журнал, иллюстрация, этикетка кагазы ж. б.; чыккан формасына жараша барактуу ж-а рулондуу. Кагаз басылуучу продукцияга жара­ша тандалат. Көлөмдүү басылмаларды (сөздүк, маалыматтама, энциклопедия ж. б.) басууда жука, бышык ж-а тыгыз кагаз (30–45 г/м2) пайда­ланылат. Ошондой эле кагаз жазуу (почталык, конверт­тик, дептерлик кагаз), кооздук – декоративдик (бархат, тери ж. б-дын астына кетүүчү), каптоо (обойлук), чийүү, тартуу (ватман, калька ж. б.), өндүрүш техникасында (патрондук, наждак, катмарлоо, жасалгалоо), жарык сезгич (сүрөт чыгарууда), электр изоляциялоочу (конденсатор­дук, кабелдик), санитардык-гигиеналык максатта ж. б. болуп бөлүнөт. Ал эми картографиялык продукция­лар, акча, документтер, кино экраны ж. б-да өзгөчө катуу ж-а жыртылбаган синтездик кагаз кол­донулат. Кагаздын 1 м2деги массасы (4–250 г), ка­лыңдыгы (4 ммден 400 мкмге); механикалык касиеттери (үзүлүшү, сынышы, сүрүлүүсү, тыгыздыгы, орол­гучтугу ж. б.), нымдалышы, түсү, актыгы, жыл­макайлыгы, ным сиңиргичтиги, аба, суу, май өткөрбөстүгү ж-а диэлектрик касиеттери м-н мүнөздөлөт. Кагаздын бул касиеттери була мате­риалдарын ж-а аларды майдалоо жолун тан­дап алуу, кагаз жасалчу массага ар түрдүү ко­шулмаларды кошуу ж-а куюу режимин сактоо, Кагаз тилкесин ныктоо ж-а кургатуу, бетин жыл­малоо, аягында анын сапатын жакшыртуучу кошумча заттар м-н иштетүү аркылуу жетиши­лет (к. Кагаз машинасы). Кагаз өтө кеңири колдо­нулган чөйрө – полиграфия өндүрүшү.

Ад.: Примаков С. Ф., Барбаш В. А., Шутько А. П. Технология бумаги и картона. М., 1996.