ДЕ ГУЕ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(Created page with "'''ДЕ ГУЕ''' Михаэл Йан [нидерланд тилинде Michael Jan de Goeje (13. 08. 1836, Нидерландия, Фрисландия округу, Дронрейп кыштагы – 16. 04. 1909, Лейден шаары)] – чыгыш таануу, ислам тарыхы жана араб тили боюнча белгилүү адис. 1854-жылы Лейден университетине кирип, 1858-жылы магистра...")
 
No edit summary
2 сап: 2 сап:


Ад.: Крачковский И. Ю. Избр. соч. Т. 4, М.–Л., 1957.
Ад.: Крачковский И. Ю. Избр. соч. Т. 4, М.–Л., 1957.
[[Категория:3-том, 5-85 бб]]

05:42, 1 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

ДЕ ГУЕ Михаэл Йан [нидерланд тилинде Michael Jan de Goeje (13. 08. 1836, Нидерландия, Фрисландия округу, Дронрейп кыштагы – 16. 04. 1909, Лейден шаары)] – чыгыш таануу, ислам тарыхы жана араб тили боюнча белгилүү адис. 1854-жылы Лейден университетине кирип, 1858-жылы магистратураны аяктаган жана 1859-жылы экстраординардуу негиз менен докторлук наамга ээ болгон. 1866-жылдан Лейден университетинин профессору, 1881–1882-жылдары ошол жерде ректор, 1886-жылдан Петербург Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти. 1863–1866-жылдары ал-Балазуринин эмгегине (Liber expugnationis regionum. Pt 1–2. Lugduni Batavorum) талдоо жүргүзүп, басып чыгарган. Андан тышкары орто кылымдардагы араб тилдүү Истахри, ибн Хаукал, ал-Мукаддаси, ибн Хордадбех, ибн Руста ж.б. сыяктуу географ-тарыхчылардын эмгектерин которуп, изилдеп, анализ жасап жана басып чыгарууга зор салым кошкон. Анын көп жылдык (1872–1901) белгилүү эмгектеринин бири «Табаринин анналдары» (Annales quos scripsit Abu Djafar Mohammed Ibn Djarir At-Tabari) болуп саналат. Анын котормо-талдоолорунда орто кылымдагы түрк уруулары, ошондой эле азыркы Кыргызстандын аймагы тууралуу баалуу маалыматтар жолугат.

Ад.: Крачковский И. Ю. Избр. соч. Т. 4, М.–Л., 1957.