КАРГАША КӨМҮР КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРГАША КӨМҮР КЕНИ Ош обл-нун Өзгөн р-нунда, Өзгөн ш-нан 60 км чыгыш тарапта, Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталында. Мындагы көмүр жерг. элге илгертен белгилүү. 1942–55-ж. геол. чалгындалып, запасы эсептелген. Кен Өзгөн көмүр бассейнинин түн.-батыш тарабынан орун алып, эни 9 км, уз. 13 км аянтты ээлейт. Кен «Сол өйүз», «Оң өйүз» ж-а «Түн.- чыгыш» деп аталган үч участкадан турат. Аймагында юра мезгилинде пайда болгон чөкмө тоо тек катмарлары таралган. Көмүр негизинен кумдук, алевролит, аргиллит ж-а көмүрлүү сланецтердин арасында кездешет. Кендеги көмүр катмарынын ичинен V, VI–VII, VIII калың катмарларга кирет. Көмүр гумустуу, коксталат. Күйгөндө 34,3 МДж/кг жылуулук берет. Запасы С2 категориясы б-ча 129193 миң т (1992).