КАРГА СЫМАЛДАР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРГА СЫМАЛДАР (Corvidae) – куштардын таранчы сымалдар туркүмүнүн тукуму. Дене уз. 65 смге чейин. Көпчүлүгү кызгылт көк кулпунган калың жүн м-н капталган. Тумшугу ж-а буту күчтүү. Жер жүзүндө 26 уруусу, 104 түрү таралган. КМШ өлкөлөрүндө 16, Кырг-нда 7 түрү бар. К. с-га кузгун, көк ж-а кара карга, сагызган, таан, чөкө таан, чар карга ж. б. кирет. Алар токой, талаа, чөл ж-а тоо, эл жашаган ж. б. жерлерде кездешет.

Дарак, бадал, аскага бириндеп, кээде топтошуп уялайт. Жылына бир жолу 3–8 чаар жумуртка тууйт. Келгин ж-а отуруктуу куш. К. с. азыгын ылгабайт. Кээси кемирүүчүлөр, зыяндуу курт-кумурска ж. б. м-н азыктанып, пайдалуу. Айрымдары башка куштардын балапан, жумурткасын ж. б. жеп зыян келтирет. 2 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.