КАРГА АКЕ Мендегул уулу: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРГА АКЕ , Карга Мендегул уулу (1718, туулган жери белгисиз – 1828, азыркы Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Даркан айылы) – Ысык- Көл өрөөнүнөн чыккан 7 акенин бири; Батыш Сибирь генерал-губернатору м-н сүйлөшүү үчүн 1824-ж. элчи жиберүүгө демилге көтөргөн бийлердин бири. К. а. кара кылды как жарган калыс болгондуктан, эл ичинде «калыстыкты Каргадан тап» деген сөз калган. Мындан тышкары «Жетимге санаалаш, жесирге каралаш бол», «Кайратты элден, келбетти жерден ал», «Тазалыкты суудан, ынтымакты туудан ал» деген накыл сөздөр К. а-ге тиешелүү делет. 1996-ж. ага күмбөз тургузулган.
К. Асанбеков.