КАРБОНАТИТ КЕНДЕРИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРБОНАТИ́Т КЕНДЕРИ – ультранегиздүү, жегичтүү тектер м-н байланышкан кендердин тобу. Сейрек кездешүүчү элементтердин (ниобий, тантал, цезий ж. б.) ж-а кенташ эмес сырьёлордун (апатит, флогопит, вермукулит) өнөр жай кендери. Негизинен 6 кенташтуу тоо формациясына бөлүнөт: 1) перовскит-титан-магнетиттүү гипербазиттердин арасында линза, тарам, зона түрүндө орун алган формация. Мындан темир, титан, тантал, ниобий ж-а сейрек кездешүүчү элементтер өндүрүлөт; 2) уртит-ийолиттердеги алюминий өндүрүлүүчү нефелиндүү тектер. Түспөлсүз же тарам түрүндө кездешет; 3) апатит-магнетит-форстериттүү тектер. Шток, штокверк түрүндө орун алат. Темир, фосфор, тантал, ниобий, цирконий, уран алынат; 4) флогопиттүү скарндар. Линза, тарам, зона түрүндө жолугат. Флогопит, вермикулит, фосфор өндүрүлөт; 5) гатчеттолит-пирохлор-кальциттүү карбонаттар. Зона, штокверк, түтүнчө түрдө кездешет. Арасында ниобийдин ири кени орун алат. Тантал, фосфор, уран, торий, цирконий кендери топтолот; 6) колумбит-бастенизит-анкерит карбонаттары.
Салаа, штокверк, тарам пайда кылат. Ниобий, цезий, торий, молибден, жез кендери өндүрүлөт. Ири кендери Африкада (фосфор, ниобий, тантал), Канада м-н Бразилияда (ниобий), Сибирь м-н Казакстанда (флогопит, вермикулит, темир) ж. б. жерлерде жолугат.
Ад.: Кузнецов В. Г. Природные резервуары нефти и газа карбонатных отложений. М., 1992; Фролов В. Т. Литология. М., 1993. Кн. 2; Кузнецов В. Эволюция карбонатонакопления в истории Земли. М., 2003.