КАРБИДДЕР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРБИДДЕР – көмүртектин металлдар ж-а кээ бир металл эместер м-н болгон хим. бирикмелери. Хим. байланыш типтери б-ча иондук, коваленттик ж-а металл сымал болуп бөлүнөт. Иондук К-де металл атомдору – катион, көмүртек анион катары каралат. Булар: Li2C2, Na2C2, CaC2, Cu2C2, Al3C4 ж. б. Суу м-н биригип, ацетилен же метанды бөлүп чыгарат. Коваленттик К-ге кремний ж-а бор К-и SiC, B4C кирет. Аларда атом аралык байланыштары өтө күчтүү болгондуктан, өтө катуу ысытууга туруктуу ж-а жарым өткөргүч касиетке ээ. Металл сымал К. – металлдарга окшош электр тогун жакшы өткөрүүчү, катуу морт заттар. Металл сымал К-де көмүртек атому металлдын кристаллдык торчосундагы боштукка жайгашкандыктан, өтө катуу, бышык, өтө жогорку темп-рада эрүүчү заттар, мис., HfC 4200°Сде эрийт. Алар суу, щелочь, көпчүлүк минералдык к-таларга абдан туруктуу. Металл сымал К-ге Н2, О2ни таасир эткенде гидрокарбиддер, оксикарбиддер. Алар жогорку темп-рага ж-а к-таларга абдан туруктуу. К. негизинен күкүмдөлгөн металлдарды көмүртек м-н инерттүү чөйрөдө жогорку темп-рада ысытууда алынат. К. табиятта минерал түрүндө да көп жолугат. К. ширетүү ишинде ацетилен (СаС2) булагы, титан, ниобий, тантол, молибден, вольфрам ж. б. металлдардын К-и катуу куймалардын компоненти катары, жогорку темп-ралык жылыткычтар үчүн материал (SiC ж. б.), кескич ж-а жонгуч аспаптарды жасоодо колдонулат.