КАРА-ШОРО МИНЕРАЛДУУ СУУСУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА-ШОРО МИНЕРАЛДУУ СУУСУ , К о ң у р -
Д ө б ө м и н е р а л д у у с у у с у – Ош
обл-нун Өзгөн р-нундагы дарылыкка ичүүгө жарамдуу минералдуу муздак суу булактары.
Өзгөн ш-нан 80 км чыгыш тарапта, Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталындагы Жазы ж-а Коңур-Дөбө сууларынын кошулган жеринде, деңиз деңг. 2300 м бийикте. 1945-ж. табылып, сууну пайдалануу мүмкүнчүлүгүн
аныктоо үчүн 1948–54-ж. изилденген. Суу булак түрүндө ж-а тереңдиги 70–130 м келген 14
бургулоо көзөнөктөрүнөн чыгат. Булактар юра мезгилинин башталышындагы кумдук, алевролит, аргиллит, чополуу сланец, гравелит ж-а конгломерат катмарлардан (калыңдыгы 700 м) чыгат. Көмүр кычкыл газдуу минералдашкан (5–6 г/л) сууларга кирет. Түссүз, жытсыз, даамы кычкыл, суунун темп-расы 7,6–
14,5°С. Курамы б-ча Есентуки суусуна окшош. Запасы суткасына 0,197 миң м3 (1971). Суу бөйрөк, боор, ичеги-карын, кан басым, диабет ооруларына пайдалуу.