«КАРАЧ-КӨКҮЛ БАЯНЫ»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

«КАРАЧ-КӨКҮЛ БАЯНЫ» – кыргыз эл жомо­гу. Анда сыйкырдуу кара күчтөргө каршы Көкүл баатырдын күрөшү баяндалат. Эл арасында ал «Көкүл», «Карач дөө», «Көчпөсбай» деген аттар м-н да белгилүү. «Көкүл» жомогунун текстин 19-к-дын 2-жарымында европ. окумуштуулар (мис., А. Вамбери) жазып алган. Адегенде «К.- К. б.» жөө жомок түрүндө айтылып келген. Жомоктун үч варианты бар: биринчисин Ырсаа­лы Байырман уулунан К. Мифтаков 1923-ж. жа­зып алган; экинчисин Өзбеков Карынак «Көч­пөсбай» деген ат м-н ыр аралаш кара сөз түрүндө айткан; үчүнчүсү – Ташматов Досунун ыр түрүн­дөгү варианты, бул вариант «К.-К. б.» деген ат м-н басмадан чыккан (1975). Жомоктун неги­зинде У. Сарбагышев «Көкүл» пьесасын жазган. «Көкүл» жомогу казактарда да айтылат.