КАРАЧЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРАЧЕВ Сыдык (1899, азыркы Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Жылуу-Булак айылы – 1937, Фрун­зе) – жазуучу, журналист, кыргыз жазма ад-тын баштоочулардын бири, котормочу. Баштапкы

билимди Каракол (Прже­вальск) ш-ндагы татар мек­тебинен алган. 1921–23-ж.

Ташкенттеги аскер окуу жайында окуган. 1923-ж. Караколдогу «Союз кошчу» уюмунда, 1924-ж. «Эркин- Тоо» гезитинде жооптуу сек­ретарь, узак жылдар «Кы­зыл Кыргызстан» гезитинин редакциясында, Кыргыз­мамбаста адабий кызмат­кер, редактор болуп иштеген. К. адабий чыг­лыгын татар тилинде ыр, аңгеме жазуудан баш­таган. Алгачкы ыры 1918-ж. Казанда чыгуучу «Шуро» гезитине жарыяланган. К. – кыргыз прозасына негиз салгандардын бири. Анын «Сүйгөнүнө кошула албады», «Үйлөнүүдөн кач­ты» деген повесттери, «Армандуу эки жаш», «Ысык-Көл боюнда», «Алданган нур кызы», «Кү­күк менен Зейнеп» аттуу аңгемелери 1919-ж. «Кө­мөк» гезитине казакча басылып чыккан. 1930- жылдары жазылган «Эрксиз күндөрдө», «Эрик таңында» повесттеринде (экөө тең 1928-ж.) ж-а «Теңдик жолунда» пьесасында коллективдүү чарба курулушу үчүн күрөш сүрөттөлөт. Ал кыр­гыздын туңгуч котормочуларынын бири ката­ры А. С. Пушкиндин «Дубровский», «Бекетчи» деген повесттерин, Л. Н. Толстойдун «Шалпаң кулак», А. П. Чеховдун «Талаа», Ромен Роллан­дын «Жан Кристофунан» үзүндү, Бретт-Граттын «Самасу кызы», Н. А. Островскийдин «Болот кантип курчуду» романын ж-а коомдук-саясий


чыгармаларды кыргыз тилине которгон. К. бей­күнөө репрессияланып, кийин акталган.


Ад.: Жигитов С. 20-жылдардагы кыргыз адабияты.
Ф., 1984; Обретение новых традиций. Ф., 1984; Эр­кебаев А. Малоизученные страницы истории киргиз­ской литературы. Б., 1999.

И. Жумабаев.