КАРАЧАЙЛАР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРАЧАЙЛАР (өздөрүн карачайлыла деп аташат) – Карачай-Черкестин жерг. калкы. РФ, О. Азия (а. и. Кырг-нда – (2200), Казакстан, Түркия, Египет, Сирия, АКШда да жашашат. Жалпы саны 300 миң киши, а. и. 169, 2 миңи Карачай-Черкесте (2002). Карачай-балкар тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – мусулмансунниттер. Карачай элинин калыптануусуна (13– 14-к.) жерг. тоолуктар, аландар, кыпчактар, булгарлар катышкан. 1828-ж. Россиянын курамына кирген. 1920-ж. Карачай округу, 1922-ж. Карачай-Черкес АОсу, 1926-ж. Карачай АОсу түзүлгөн, бирок 1943-ж. Карачай АОсу жоюлуп, К. күч м-н өлкөнүн чыгыш аймактарына кө-

чүрүлгөн. 1957-ж. гана Карачай-Черкес АОсу калыбына келтирилип, К. кайрадан мекенине кайтып келишкен. 1991-ж. Карачай-Черкес Респ. түзүлгөн. Негизги кесиби – дыйканчылык, мал чарбачылык. Эркектери көйнөк, ыштан, бешмант, черкеска, кой терисинен тигилген тон, башлык, папах кийишип, белдерине кур курчанып, бычак, канжар тагынышкан. Аялдары жеңи узун, кенен тигилген туника сыяктуу жибек көйнөк, узун шаровар, кооздолуп жасалган баш кийим кийип, үстүнөн жоолук салынган. Тамак-ашы негизинен эт, дан, сүт азыктары. Суусундук катары чай, айран, майрам күндөрү бозо, пиво кеңири колдонулат.