КАРА-ТӨР МӨҢГҮСҮ (Көөлү кырка тоосунда): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА-ТӨР МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңир-Тоодогу татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Көөлү кырка тоосунун түн. капталында. Уз. 7,6 км, аянты 9,7 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5200 м, эте­ги 3600 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4350 м. Абляциясынын аянты 2,7 км2. Мөңгүнүн бети тилмеленип, муз сыныктары кездешет. 1943–60-ж. 700 мге тартылган. Мөңгүдөн Көөлү суусунун оң куймасы – Кара-Төр суусу башталат.