КАРА-ТОО (дарыя алаптарынын суу бөлгүчү): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА-ТОО – Теңир-Тоонун түн.-батыш тармагы, Сыр-Дарыя, Чүй, Талас дарыя алаптарынын суу бөлгүчү. Казакстандын Жамбыл ж-а Кызыл-Ордо обл-нын аймагында. Уз. 420 км. Эң бийик жери 2176 мге чейин (Бессаз чокусу). Сланец, кумдук, акиташ теги ж-а доломит тоо тектеринен турат, карст формалары өрчүгөн. Кыры жайпак, капталдары тик. Орто бийик тоо рельефи басымдуу. Капталдарында бетеге-тулаңдуу талаа басымдуу; ксерофит өсүмдүктөрү кездешет. Тоо өрөөндөрүнө тугай токойлору ж-а бадалдары мүнөздүү. Полиметалл рудалары (Мыргалым-Сай, Кен-Тоо, Ачы-Сай), фосфорит кендери (Кара-Тоо фосфорит бассейни) бар.