КАРАТОКО (Чаткал суусунун оң куймасы): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРАТОКО – Чаткал р-нунун аймагы аркы­луу аккан суу, Чаткал суусунун оң куймасы.

Уз. 24 км, алабынын аянты 150 км2. Алабынын

деңиз деңг. орт. бийикт. 3300 м. Чаткал кырка тоосунун түн.-батыш капталындагы мөңгүдөн башталып, кууш капчыгай аркылуу агып, Кара­токо көлүнө куят, андан Чаткал өрөөнүнө агып чыгат. Куймалары: Ишенкул, Чарык-Салды, Көк-Тумшук, Өгүз-Жайлоо ж. б. Алабында мөңгү бар. Жылдык орт. чыгымы 2,60 м3/сек, эң көбү июнь–июлда, эң азы февраль–мартта байкалат.
Өрөөнү кооз; карагай, бадал токою ээлейт.