КАРА ТЕШИК: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА ТЕШИК (black hole) – космостук зор нерселердин чексиз гравитациялык кысылуусунан (гравитациялык коллапс) пайда болгон космос объектиси. Зор жылдыздар эволюциясынын акыркы стадиясында, анын массасы ж-а барабара тартылуу күчү жогорулап, гравитациялык коллапска дуушар болот, б. а. анын кысылуусуна эч бир турукташтыруучу күчтөр каршы тура албайт. Ал учурда нерсенин тыгыздыгы чексизге, ал эми объектинин радиусу нөлгө умтулат. Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясына ылайык К. т-тин борборунда мейкиндик м-н убакыттын сингулярдуулугу (чексиздиги, өзгөчөлүгү) орун алат. Кысылуудан жылдыздын бетиндеги гравитациялык талаа чоңоёт, бөлүкчөлөрдүн бөлүнүп чыгышы ж-а нурлануу кыйындайт. Бара-бара андай жылдыздар бир жактуу мембранага, б. а. нурланууну ж-а бөлүкчөнү ичин көздөй гана тартып, сыртка эч нерсе чыгарбоочу К. т-ке айланат. Аны мейкиндик м-н убакыттын касиеттеринин чукул өзгөрүшүнөн байкоого болот ж-а ал Шварцшильд радиусу деп аталат. К. Шварцшильд 1916-ж. Эйнштейн теңдемесинин айланбаган К. т. үчүн так чыгарылышын тапкан ж-а анын ысмында аталып калган. 1963-ж. жаңы зеландиялык физик Рой Керр айлануучу К. т. үчүн Шварцшильд радиусун аныктаган, мис., 3 Күн массасындай К. т. үчүн ал радиус болгону 9 км. Биздин галлактикада көптөгөн К. т. бар. Зор К. т-тер галлактиканын борборунда жайгашкан. Ал эми өлчөмү атомдукундай К. т-тер Аалам эволюциясынын алгачкы фазасында, жогорку тыгыздыктагы абалда эле пайда болгон деп божомолдонот. К. т-ке жакын келген космос нерселери, өлчөмүнө карабай талкаланып жок болот.