КАРА-СУУ (Ош облусундагы шаар): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА-СУУ (Д ө л ө н ч ө к) – Ош обл-ндагы шаар. Кара-Суу р-нунун адм. борбору. Шаар ста­тусун 1960-ж. алган. Облустун борбору Ош ш-нан 24 км түн. тарапта. Ош – Кара-Суу түздү­гүндө деңиз деңг. 720–780 м бийикте, Ош – Биш­кек автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Калкы 20,9 миң (2009). 1959-жылдан 2007-ж. чейин шаар калкы 1,7 эсе өскөн. Шаарда кыр­гыз, өзбек, орус, татар, тажик ж. б. улут өкүл­дөрү жашайт.
К.-С. шаары – Ош обл-нун ири өнөр жай борбору.
Шаардын <contr>өнөр жай<contr>ынын негизин – пахтаны кайра иштетүү тармагы (облустун өнөр жай продукциясы­нын 52%тен ашыгы), «Ак алтын» (райондо өндүрүлгөн кебез буласынын 40,0%ин даярдайт) ж-а «Бектур» АК (экөө биригип райондун өнөр жай продукциясынын 90%ин берет), кебез буласын өндүрүүчү ишканалар түзөт. Тамак-аш, ун-ак­шак, аралаш тоют даярдоочу өнөр жай өндүрүшү өнүккөн. «Аска» АК (өндүрүштүк кубаттуулугу 380 т чигит ж-а 150 т күн карама данын иштете алат) өсүмдүк майын чыгарууга адистешкен. «Улук нан» нан з-ду иштейт. Ун-акшак ж-а


аралаш тоют ишканасы, «Кара-Суу дан азык» АК шаардын өнөр жай чыгарган продукциянын 40%ке чейинкисин өндүрөт. Машина куруу ж-а металл иштетүү тармагында автомобиль оңдоо­чу «Кара-Суу» АК иштейт.
Кара-Суу ш. – Ош обл-нун ири жол тоому.
Негизинен автомобиль ж-а т. ж-дору өнүккөн. Кара-Суу т. ж. бекети – Кырг-ндын түштүгүндөгү ири бекет.
Шаарда 7 орто мектеп (а. и. балдардын спорт ж-а муз. мектептери), китепканалар, мад-т үйү, кинотеатр, бала бакча, стадион, мечит бар. Оорукана, бейтапкана, дарыкана, учук диспан­сери, санитария-эпидемиология станциясы, тур­муш-тиричилик кызматы, ресторан, кафе-бар­лар, «Кара-Суу» базары (О. Азиядагы эң ири ба­зарлардын бири), тамактануу ж-а соода жайла­ры иштейт. В. И. Ленинге, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургу­зулган.